Ал белгилегендей, 2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун атайын эсептеринин натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланылышы боюнча көзөмөл күчөтүлөт.
Мындан тышкары Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өкмөт башчы болуп турганда баштаган бюджеттин тартыштыгын кыскартуу боюнча күч-аракеттери улантылат.
«Бюджеттин тартыштыгы 2018-жылдагы бекитилген бюджетке караганда 2019-жылы 20 млрддан 10 млрдга чейин кыскартылат. Ошол эле мезгилде 2021-жылга чейин бюджеттин тартыштыгын жокко чыгаруу аракеттери жасалууда. Ага жетүү үчүн киреше потенциалын жакшыртуу, чыгымдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тышкы каражаттарды жогорку артыкчылыктуу тармактарга гана тартуу зарыл», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
