Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Сапар Исаков: “Саясий куугунтук болуп атат, Атамбаев жана анын командасы коррупциясы жок, таза иштеген!”

Сапар Исаков: “Саясий куугунтук болуп атат, Атамбаев жана анын командасы коррупциясы жок, таза иштеген!”

14 май 2018, 19:27    bishkek
0 комментарий   
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 14-май күнү экинчи ирет УКМКга суракка чакырылды. Мына ошол сурак берердин алдында ал маалымат булактарынын өкүлдөрүнө «Бул жерде саясий куугунтук болуп атат. А. Атамбаев жана анын командасы коррупциясы жок, таза иштеген. Бул жерде кычкачка жармашпаш керек» деген комментарийин берди.

Анан дагы ал жаңы реконструкцияланган ТЭЦте авария болбогонун, эскисинде болгонун кыйытты. Албетте, муну элдин баары билет. Бирок, ошол эскисинде болгон авариядан кийин жаңыдан модернизацияланган ТЭЦте ири коррупция орун алганы коомчулукка белгилүү болуп калбадыбы. Эмне үчүн 640 долларга бааланган кычкачка жармашпашыбыз керек? Ушуга С. Исаков жооп бере алат болду бекен? Же алар 100 сомдук кычкачты 640 доллардан документтештирип, калганын чөнтөктөрүнө салып койсо деле унчукпай отура беришибиз керекпи?

С. Исаков А. Атамбаевдин командасында учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков да иштегенин, андыктан «ТЭЦ маселеси боюнча бардык фамилиялар аталбай калды» деген пикирин дагы бир жолу кайталады. Бул жерде кеп А. Атамбаевдин убагында кимдер иштегенинде эмес, ошол модернизациялоо боюнча документтерге кимдер кол койгонунда болуп жатканын С. Исаков билип турса да билмексен. С. Жээнбековдун Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча келишимдерге, документтерге таптакыр тиешеси жок экени белгилүү. Эгердже андай болгон болсо, аны биринчи кезекте С. Исаков, А. Атамбаев экөө көтөрүп чыкмак.

Андыктан өз кылганын башка бирөөгө түртө салуу менен жоопкерчиликтен кутулуп кетем деген жаңылыш ой экенин эскерте кетели. Ар ким өз чечими үчүн жооп бериши керек. 

Булак: “Маалымат.KG»скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;