Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Москва жана Бүткүл Русь Патриархы Кирил Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Москва жана Бүткүл Русь Патриархы Кирил Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

17 ноя 2018, 17:28    bishkek
Москва жана Бүткүл Русь Патриархы Кирил Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
«Сиздин 60 жылдык мааракеңизге байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Бийик кесипкөйлүк жана өзгөчө башкаруучулук жөндөм көрсөтүү менен Сиз көп жылдардан бери өз өлкөңүз үчүн эмгектенип келесиз. Сиз олуттуу социалдык-экономикалык маселелерди чечип, коомдук туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти камсыз кылууга камкордук көрөсүз.
Өткөн жылы Кыргызстанга барганда мага көрсөтүлгөн меймандостукту жылуу сезимдер жана канааттануу менен эскерем. Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек епархиясынын ишмердигине көңүл бурганыңыз жана жакшы мамилеңиз үчүн Сизге ыраазылык билдиргим келет.
Мамлекеттик бийлик органдарынын, салттуу диндер өкүлдөрүнүн жана ар кандай коомдук уюмдардын ортосундагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да республиканын жарандарынын турмушунда бийик руханий-адептик баалуулуктардын, сүйүүнүн, кайрымдуулуктун, тынчтыктын жана адилеттиктин көөнөрбөс идеалдарынын бекемделишине өбөлгө болот деп ишенем.
Сизге бекем ден-соолук жана узун өмүр, Кудайдын колдоосун жана жооптуу Президенттик ишиңизде албан ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет Москва жана Бүткүл Русь Патриархынын куттуктоосунда.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив