Адистердин айтымында, ишке бериле турган агрегат текшерүү режиминен өткөн. «Учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 214 миллион куб метрди түзөт. Бул ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүүгө жетиштүү», — деп билдиришти адистер.
Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилет деп күтүлүүдө.
Жалпы кубаттуулугу 3600 мегаватты (17 млрд. кВт/саат) түзгөн Рогун ГЭСи Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектрстанция болуп калат. Анын курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган.
Тажик өкмөтү 2016-жылы ГЭСти куруп бүткөрүү боюнча италиялык Salini Impregilo компаниясы менен макулдашууга кол коюп, плотинаны куруу иштери жанданган. Тажик бийлигинин маалыматка караганда, макулдашуунун суммасы 3,9 миллиард долларды түзөт.
