Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Жогорку Кеңеште өлкө аймагында мектеп, бала бакча жетишсиздигин чечүү боюнча “Өкмөттүк саат” өттү

Жогорку Кеңеште өлкө аймагында мектеп, бала бакча жетишсиздигин чечүү боюнча “Өкмөттүк саат” өттү

14 ноя 2018, 15:20    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикада мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жөнүндө “Өкмөттүк саат” өттү.
"Өкмөттүк саатта" коюлган маселе боюнча КР вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баяндама жасады. Анын маалыматына ылайык, мектеп жана бала бакча куруу зарылчылыгы окуучу балдар менен 6 жашка чейинки балдардын мектеп, бала бакчаларга батпай жаткандыгынан улам жаралып жатат. Ага ички миграция жана мектеп, бала бакчалардын эскилиги жеткендиги, балдардын санынын көбөйүшү себеп болууда. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 1 млн 200 миң бала окуйт. Учурда республикадагы жалпы мектептерде 384 миң бала көп окуп жаткандыгы аныкталган.
Ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматында соңку 5 жылда 158 мектеп 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүп жаткандыгы айтылды. Тагыраак айтканда, 158 мектепке кошумча курулуш талап кылынат. Өлкө боюнча 191 мектеп, 2 бала бакча авариялык абалда. 380 мектеп капиталдык ремонтту талап кылат. Мындай көйгөйлөрдү республикалык бюджеттин эсебинен жана Сауд Арабия фондунан чечүү пландаштырылып жатат.
Ал эми учурда жалпы өлкө аймагында 1 млн 75 миң бала бала бакчаларда тарбияланууда. Жалпы бала бакчаларда 40596 бала көп болуп жатат. Бала бакчалардын жетишсиздигин “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде чечүү пландаштырылып, бюджеттен жана бюджеттен тыш каражаттарды багыттоо каралууда.
Мектеп, бала бакчалар менен камсыз кылууда эң алды менен курулуп жаткан обьектилерди бүткөрүүгө жана авариялык абалдагы обьектилерге көңүл бурууга артыкчылык берилмекчи.
Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү региондордо бала бакча, мектеп курууда баланс сакталбай жаткандыгын баса белгилешти. Ошондой эле жалпы өлкө аймагы үчүн 1600 бала бакча зарылдыгы, ага 80 млрд сомдой каражат керектелери белгилүү болду. Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстандын келечеги үчүн балдардын бала бакчага баруусу маанилүү экендигин айтып, аткаруу бийлигин бала бакча жетишсиздигин ыкчамдамдатып чечүүгө олуттуу мамиле жасоого чакырды.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;