Бирок, чехтер менен тыным болуп калды. Кытайлар менен да ошол көрүнүш болгон. 2016-жылы орустардын “РусГидро” компаниясы менен келишим жокко чыгарылган. Ошол эле жылы Россияга болгон 37 млн доллар карызды төлөп берүү милдетин алга чехтердин «Liglass Trading CZ» компаниясы менен келишим түзүлгөн. Бирок, келишим түзүлгөн жаңы компания Россияга болгон карызды төлөбөгөндүгүнө байланыштуу аны менен да 2017-жылы октябрда келишим жокко чыгарылган. Россиялык компанияга болгон карызды жашыруу мүмкүн болбой калган. “РусГидро” компаниясы Кыргызстандан карызын кайтарып алуу үчүн Гаага сотуна доо арыз менен кайрылган. Кыргызстан же курулган каскаддан жок же акчадан жок калды.
Азыр болсо Гаага соту Кыргызстанга россиялык компанияга болгон карызды төлөп берүүнү милдеттендирип коюшу мүмкүн. Жогоруда белгилеп кеткендей Сапар Исаковдун командасынын “РусГидро” компаниясына болгон карызды төлөп берүү милдетин ала турган инвестор табуу аракетинен майнап чыккан жок. Эми Сапар Исаковдун каржылык көз будамайлоосу үчүн ким жооп берет. Россиялык компанияга болгон 2 млрд сомдук карызды кайсы булактар менен төлөнүп берилет. Бул суроолор жоопсуз калууда....
