Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Өзбекстандык диссидент Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды

Өзбекстандык диссидент Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды

13 ноя 2018, 15:10    bishkek
0 комментарий   
Бир нече жылдан бери Швейцарияда жашаган саясий эмигрант Сафар Бекжан Өзбекстан жарандыгынан ажыратылганы маалым болду. Өзбек бийлиги мунун себептерин түшүндүргөн эмес. Диссидент аны саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.
57 жаштагы Сафар Бекжандын айтымында, Өзбекстан бийлиги жарандыктан ажыратуу боюнча ага түшүндүрмө берген эмес:
– Мен Өзбекстандын Берлиндеги консулдугунан кат алдым, анда 2017-жылы 17-мартта президенттин жарлыгы менен жарандыктан ажыратылганым жазылыптыр. Катта жарандыктан эмне себептен ажыратылганым туурасында эч нерсе айтылбаптыр. Мыйзам боюнча алар себептерин көрсөтүшү керек эле. Эгер менин экинчи жарандыгым болсо, алар муну себеп катары белгилей алышмак. Бирок менин башка жарандыгым жок. БУУ тарабынан берилген качкын макамым гана бар.
Өзбекстандын Берлиндеги консулдугу жеке мүнөздөгү маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.
Сафар Бекжан Хорезм облусунда туулган. Ал саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1997-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Швейцариядан башпаанек алган. Сафар Бекжан Эл аралык жазуучулар парламентинин мүчөсү.
Бекжан “Эрк” демократиялык партиясынын мүчөсү болуп турган кезде, 1993-96-жылдары түрмөгө отурган. Эркиндикке чыккандан кийин өзбек түрмөсүндөгү абал тууралуу “Тиги дүйнөнүн астанасы алдында” деген китеп жазган.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;