Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Тажикстан: Кытай компаниясынын атаандаштыгына кабылган пахта заводдору жабылууда

Тажикстан: Кытай компаниясынын атаандаштыгына кабылган пахта заводдору жабылууда

08 ноя 2018, 11:53    bishkek
0 комментарий   
Тажикстандын түштүгүндөгү онго жакын пахта тазалоо заводу банкротко кептелүү алдында турат. Буга аймакта эки жыл мурда Кытайдын «Жунтай Дангара Син Силу Текстил» компаниясынын иштей баштагандыгы себеп болду.
«Жергиликтүү ишканалардын көбү атаандаштыкка туруштук бере албай жабылып калды. Анткени кытай компаниясы дыйкандардан пахтанын тоннасын 5850 сомониден (634 доллар) сатып алууда. Биздин заводдордо болсо андай акча жок», - деди аймактагы пахта тазалоо заводдорунун биринин башкы директору Муслихиддин Фазлиддинов.
Анын айтымында, эки жыл мурда анын Восей районундагы заводу 25 тоннага жакын пахта буласын иштеп чыгып, сезон маалында 60-80 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылып турган. Азыр болсо ишканасы иштебей турат.
«Кытайлыктардын шарттары таптакыр башкача. Аларда жеңилдетилген шартта насыя алууда эч кандай маселе жаралбайт — кытай банктары эч тоскоолдуксуз берет. Буга байланыштуу алардын ишканалары эң акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Мындан тышкары тажик өкмөтү кытай компанияларына бир катар жеңилдиктерди берген. Бизде андай жеңилдиктер жок», - деди ал.
Бийликтин маалыматына караганда, аймакта 14 пахта тазалоо заводу бар. Бирок учурда алардын бешөө гана иштейт — Куляб жана Фархор райондорунда экиден жана Восей районунда бирөө.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;