Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Түркмөнстан Гарлык тоо-кен комбинатынын иши боюнча эл аралык арбитражга кайрылат

Түркмөнстан Гарлык тоо-кен комбинатынын иши боюнча эл аралык арбитражга кайрылат

08 ноя 2018, 11:52    bishkek
0 комментарий   
Түркмөнстан Гарлык тоо-кен байытуучу комбинаттын ишине байланышкан маселелер боюнча эл аралык арбитражга кайрылат.
Расмий ЖМКлардын маалыматына караганда, күн мурун өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов вице-премьерге «ишкананын ишине байланышкан бардык маселелерди чечүү үчүн тиешелүү документтерди топтоп, эл аралык арбитражга жөнөтүү» тапшырмасын берген.
«Калий жер семирткичтерин өндүрүүчү Гарлык тоо-кен комплексинин ишке берилгенине эки жыл болгонуна карабастан, бул индустриалдык алптын иши долбоордогу кубаттуулукка жеткирилген жок. Жетекчилик тараптан болсо абалды өзгөртүү боюнча эч кандай сунуш келе элек», — деп билдиргенпрезидент.
Азырынча эл аралык инстанция аркылуу мамлекетке таандык комбинаттагы кайсыл маселерди чечүү каралып жатканы белгисиз.
Гарлык тоо-кен байытуу комбинаты мамлекеттик «Түркмөнхимия» концернинин буйругу менен Беларустун «Белгохимпром» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулган. Ал былтыр 31-мартта Гурбангулы Бердымухамедов менен Александр Лукашенконун катышуусу менен салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилген. Түркмөн өкмөтүнүн маалыматы боюнча, комбинаттын курулушуна 1 миллиард доллар каражат жумшалып, толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган.
Буга чейин түркмөн тарап макулдашуудагы шарттарды аткарган жок деп «Белгорхимпром» ишканасына нааразылыктарын билдирген. Өз кезегинде беларус тарап каржылоо кечеңдеп жатканын билдирип, Түркмөнстанга дооматтарын айткан.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;