Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Назарбаев «абийирсиз монополисттерди» жазалоого үндөдү

Назарбаев «абийирсиз монополисттерди» жазалоого үндөдү

08 ноя 2018, 11:52    bishkek
0 комментарий   
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 7-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, аткаминерлерди «абийирсиз монополисттерди» жоопко тартууга чакырды.
Мамлекет башчынын айтымында, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы өлкө калкын көбүнчө коммуналдык кызматтар, билим берүү жана медициналык тейлөөнүн баалары тынчсыздандыра турганын көрсөткөн.
Коммуналдык төлөмдөр, анын ичинде жылуулук менен электр жарыгы калктын чыгашасынын көпчүлүк бөлүгүн түзөрүн белгилеген Назарбаев тарифтерди негизсиз жогорулаткан монополисттерди жоопко тартуу керек экенин айтты.
«Эгер тарифтер чыныгы экономикалык эсептерге негизделбестен, жасалма түрдө көтөрүлсө, анда бул ар бир үй-бүлөнүн чыгашасынын көбөйүшүнө алып келет. Бул болсо менин калкка жолдогон кайрылуума каршы келет», — деди Назарбаев. Мамлекет башчы жакында эле калкка кайрылуу жасаган. Анда ал жарандардын байгерчилигине арналганы кабарланган.
«Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, өкүлдөрүнө, кайрылуумдун маңызын дале түшүнө электерге түндүрүш керек... Абийирсиз монополисттер жазаланышы керек», — деди Назарбаев.
Өткөн айдын соңунда өлкөнүн Башкы прокуратурасы электр энергиясы менен жылуулукка тарифтер негизсиз жогорулатылып, анын жыйынтыгында тейлөөчү уюм болжол менен 29 миллиард теңге (78 миллион доллардан ашык) киреше тапканын билдирген.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;