Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту

07 ноя 2018, 17:59    bishkek
0 комментарий   
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чараат» байытуучу фабрикасынын үстүбүздөгү жылдын декабрында ишке киргизилишине байланыштуу маселелер талкууланды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт инвестицияларды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат жана ак ниет, Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт. «Кытай Эл Республикасы биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат», – деп белгиледи Премьер-министр, ал жайында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары жемиштүү өткөнүн ырастады.
Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Премьер-министрге компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аткарылган иштердин арты менен Кыргызстанда жаңы өндүрүштүк объектилер ачылууда жана бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылууда, бул аймактардын жана жалпы экономиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Маалымдама: Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;