Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » "Центерра Голд" Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөй элек

"Центерра Голд" Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөй элек

07 ноя 2018, 17:53    bishkek
0 комментарий   
"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков парламентте дивиденддин төлөнбөй келгенин "Кумтөр" боюнча жаңы келишимдин шарттары күчүнө кирбей жатканы менен байланыштырды.
Эки тараптын келишиминин негизинде "Центерра Голд" тапкан кирешесинен квартал сайын 3 миллион доллардан, жылына жалпы 12 миллион доллар Кыргызстанга берип турушу керек.
Өткөн аптада кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырган.
“Центерра” компаниясы макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылганын кабарлаган. Өкмөт бул чечимдин чоо-жайы тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин келишимди аткаруу мөөнөтү 2-ноябрга белгиленген. Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык тармакты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.
Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам артка жылып келген.
Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Кумтөр боюнча соңку макулдашууда өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;