Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » АКШ Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизүүнү караштырууда

АКШ Орусияга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизүүнү караштырууда

07 ноя 2018, 17:52    bishkek
АКШнын Мамлекеттик департаменти Москва Вашингтонду жаңы санкцияларды киргизүүдөн баш тарттыра турган шарттарды аткарбаганын билдирди. Эми Конгресс санкциялардын экинчи топтомун киргизүү механизмдерин карай баштайт.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдиришинче,Орусияга каршы жаңы санкциялар химиялык куралдарды көзөмөлдөө тууралуу АКШнын мыйзамында каралган.

Чектөөлөрдүн алгачкы топтому быйыл августтун аягында киргизилген. Ал Британияда ГРУнун мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууланышына байланыштуу болгон. АКШ Конгресси Орусиядан Солсберидеги ууландырууга байланыштуу түшүндүрмө талап кылган.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Дэвид Теслер Би-Би-Сиге берген интервьюсунда учурда эч кандай кошумча чектөөлөр киргизилбегенин, бирок кийинки кадамдар даярдалып жатканын билдирди. Мамдепартамент ал кадамдар тууралуу кийинчерээк билдирүү таркатат. Бирок чектөөлөрдүн экинчи топтомунда катаал чаралар карала тургандыгы белгилүү. Маселен, америкалык банктар Орусия өкмөтүнө насыя берүүнү токтотушу мүмкүн. Мындан тышкары АКШ жана Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди токтотуу каралган. Ошондой эле орус өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү авиакомпаниялардын каттамдарына тыюу салынышы мүмкүн. Ал компаниялардын арасында «Аэрофлот» дагы бар.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив