Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Ишкана ачкан жана жумушчу орундарын түзгөн ишкерлер биздин өлкөдө эл сыйлаган эң кадырлуу адамдар болушу керек

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ишкана ачкан жана жумушчу орундарын түзгөн ишкерлер биздин өлкөдө эл сыйлаган эң кадырлуу адамдар болушу керек

02 ноя 2018, 17:25    bishkek
«Биздин өлкөдө аймактарда ишканаларды ачкан, жумушчу орундарын түзгөн жана мамлекеттин казынасына киреше алып келген таза ишкерлер эл тарабынан урматталган, эң кадырлуу адамдар болушу керек», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Ош облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Алайку Органикс» ЖЧКсынын сүттү кайра иштетүү жаңы заводуна барган учурда.
Мамлекет башчысы табигый заттардан жогорку сапаттагы сүт азыктарын иштетип чыгарган заводдун иши менен таанышты.
Ишкананын жетекчиси Аскар Маметжанов Президентке айтып бергендей, «Алайку Органикс» ЖЧКсы 2014-жылы негизделип, сүт азыктарынан улуттук салттуу ичимдиктерди чыгарып жүргөн. Жогорку технологиялык жабдыктар менен жабдуу сүттөн улуттук ичимдиктерди – чалапбышма, курут жана жарма жасоого мүмкүнчүлүк түздү.
2018-жылдын ноябрь айында «Алайку Органикс» ЖЧКсы USAIDАгро долбоору менен биргеликте стандарттуу сүт азыктарын (йогурт, каймак, май, сыр) чыгаруу үчүн жабдыктар менен жабдылган сүт заводун ачты.
Аскар Маметжановдун айтымында, өнөктөштүктүн максаты – мал чарбачылыгы менен алектенген Ош облусундагы Кара-Суу районунун он айылынын фермерлеринин жашоо деңгээлин жакшыртуу.
Президент Сооронбай Жээнбеков сүт заводунун ачылганына канааттануусун билдирип, ишкананын жетекчилигинин сүт азыктарын сатуунун жана экспортко чыгаруунун көлөмдөрүн көбөйтүү, жумушчу орундарын түзүү, фермерлердин кирешелерине кам көрүү сыяктуу максаттары Аймактарды өнүктүрүү жылындагы жергиликтүү коомчулукту колдоонун эң жакшы көрсөткүчү экенин белгиледи.
«Биз аймактарды көтөргөн, фермерлерге кам көргөн жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө кыйла салым кошкон ишкерлерге жардам беришибиз керек жана жардам беребиз», - деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.
Маалымдама: Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу жылына 1500 тонна сүттү иштетет. Компанияга 1500гө чейин жаңы фермер чарбалары сүт тапшырышат. Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 5 тоннадан ашуун сүт чыгарат. Завод сүт азыктарын өндүрүү үчүн комплекттик жабдыктар менен жабдылган. Өндүрүшкө жумшалган инвестициялар – 70 млн сом.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив