Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Астанада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Астанада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

02 ноя 2018, 12:47    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун төрагалыгы алдында Беларусь Республикасынны Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.
Кеңештин жыйынынын күн тартибинде маалыматташтыруу, бажылык жөнгө салуу, соода, өнөр жай, ошондой эле эл аралык ишмердикке байланыштуу 22 маселе каралды.
Талкуунун негизги темасынын бири катары спецификалык субсидияларга жол берүүнүн айрым критерийлерин пайдалануу шарттарынын тизмеси, кыргыз-казак чекарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу, чектеш ишеним мейкиндигин түзүүгө, өнүктүрүгө жана иштетүүгө талаптар, электрондук коштоочу документтерди өз-ара таануу механизми жана 2019-жылга карата ЕАЭБдин бюджетин бекитүү маселеси болду.
Мындан тышкары, ЕАЭБ жана Иран ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө алып бара турган Убактылуу келишимдин жана ЕАЭБ жана Кытай аралык соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдин күчүнө кирүүсү жана аларды ишке ашыруу маселеси талкууланды жана Биримдиктин 2019-жылга карай эл аралык негизги багыттары сунушталды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив