Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Улуттук банктын төрагасына кечирилген миллиондор текшерилет

Улуттук банктын төрагасына кечирилген миллиондор текшерилет

01 ноя 2018, 15:03    bishkek
Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасына берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгышы керек. Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай талап коюлду.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун айтты.
Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген "мыйзам бузуу жок" деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу боюнча чара көрүлсүн, - деди депутат Асылбаева.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганын депутат 31-октябрда айтып чыккан.
Башкы банк бүгүн бул маселеге байланыштуу комментарий берип, Абдыгуловго 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда берилгенин жана 2017-жылдын 31-октябрында ошол акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганын тастыктады.
Мекеме бул чечим мыйзамдуу экенин айтууда.
Жалпысынан, 2000-2018-жылдары Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген, анын 31 миллион 921 миңи эсептен чыгарылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив