Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Кубат Оторбаев саясий упай топтогусу келип турабы же провокация жасоодобу?

Кубат Оторбаев саясий упай топтогусу келип турабы же провокация жасоодобу?

04 май 2018, 09:54    bishkek
0 комментарий   

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев 3-май күнү президент Сооронбай Жээнбековдон абакта жаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, эркиндикке чыгарууну өтүнгөнү маалым болду. Өз кайрылуусунда ал Текебаевдин ЖКнын бир нече жолку депутаты экенин, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири болгонун, Кыргызстан эгемен мамлекет катары калыптанышына салым кошконун, легендарлуу парламенттин да депутаты болгонун эске салган.
Албетте, Ө. Текебаевдин саясатта узак жылдык тажрыйбасы бар саясатчы экенин жалпы элибиз билет. Бирок, К. Оторбаев ага карата ырайымды эмне үчүн бүгүнкү күндө сурап атканы кызык болууда? Же Текебаевдин камалганына аз эле болдубу? Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында соттун чечими менен темир тор артына кетпеди беле? Эмне себептен ошол убакта Кубат мырза А. Атамбаевге ушундай кайрылуу жасаган эмес? Эгерде Оторбаев чындап эле Ө. Текебаевдин күнөөсүз эркинен ажыратылып калганына ишенсе, анда ошол убакта эле «Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Ө. Текебаев акыйкатсыздык менен эркинен ажыратылып калды, анын ишин кайрадан карап, акыйкаттыкты орнотуп, эркиндикке чыгуусун камсыздап бериңиз» деп кайрылат эле го.
Андыктан К. Оторбаевдин арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин, бийлик алмашкандан кийин минтип президенттин дарегине кайрылуу жасап атканын биринчиден, анын саясий упай топтоо аракети катары бааласак болот. «Оторбаев эч нерсе кылбай эле отурган жок, мына минтип иштеп атат» деген ишаараты.
Экинчиден, ал провокация жасоо аракетин көрүүдө. Себеби, Ө. Текебаевге карата соттун бардык инстанцияларынын чечимдери чыккан. Күнөөлүү деп табылган. Ушул жерден суроо туулат: К. Оторбаев неге мамлекет башчысынан кайсы бир карапайым адамдын укугун талашып, эркиндикке чыгарып бериңиз деп өтүнбөйт? Ак жеринен камалып, эркинен ажырап отурган карапайым адамдар көп эле го. Же алардын укугун коргоо Оторбаевге кызыксызбы? 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;