Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Мелис Аспеков: "Абдиль Сегизбаевге кылмыш иши козголбосо абактагылар ачкачылык жарыялайбыз!”

Мелис Аспеков: "Абдиль Сегизбаевге кылмыш иши козголбосо абактагылар ачкачылык жарыялайбыз!”

03 май 2018, 16:22    bishkek
0 комментарий   
Бийлик басып алууга аракет кылды деген айып коюлуп, камакка алынган активист Мелис Аспеков өзүнүн жактоочусу аркылуу кайрылуусун жарыялады:


“Убагында, Абдиль Сегизбаев ойлоп тапкан кылмыш иштери али күнгө чейин ачылбай калып кетет. Атамбаевдин убагында Абдиль Сегизбаев орусча айтканда "Главный оборотень в погонах" болуп, далай саясый нукта жасалма иштерди токуп, канча деген күнөөсүз адамдарды темир тор артына алып кирди. Бул жасалма иштердин айынан канчалаган ата-энелердин көз жаштары төгүлдү. Айрымдардын атасынын акыркы аземине катыштырбай, бир ууч топурак салганга тыйуу салып, зөөкүр мамиле кылышкан эле. Саясый туткундардын аялдары эмне кыларын билбей, барбаган жери калбай, канча уйкусуз түндөрдү өткөрүштү!

Саясый туткундардын кичинекей көкүрөк күчүктөрүнүн атасына болгон кусалыгын эстесең муунуң калчылдап, көзүңөн жаш тегеренет. Атамбаевге иштеген Сегизбаев жеке кызыкчылыгын ойлоп, бул түзүлгөн кырдаалга түздөн-түз күнөөсү бар. Эмнеге Абдиль Сегизбаев кылгылыкты кылып коюп, азыр эркиндикте журналисттерге кенен маек берип, сейилдеп жүрөт?

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, урматтуу Башкы прокурор, урматтуу УКМКнын жетекчиси, Абдиль Сегизбаев "БелизГейтти" ойлоп тапканы үчүн, Текебаевди жок жеринен каралаганы үчүн, ак жеринен Садыр Жапаровду чек арадан мыйзамсыз кармап кетип, негизсиз кылмыш ишин козгогону үчүн, Атамбаевдин саясый көз карашына дал келбеген Канат Исаевди жалган жалаа жаап камаганы үчүн камалыш керек.

Жеке менин ишимде кылмыш курамынын "К" деген тамгасы дагы жок. Аудиоугууларды монтаждап, элди алдап, эки жаш баланы кыйнап мага арыз жаздырганы үчүн Абдиль Сегизбаев жоопко тартылыш керек. Ал аз келгенсип, ар түрдүү ыкмаларга салып, Канат Исаевге жалган көрсөтмө бер, соттон жардамберебиз деп да айттырган. Тирүүлөй теримди сыйрысаңар дагы жалган көрсөтмө эч кимге бербейм! Мен үчүн ар-намыс, кадыр-барк, берген антым, өлүмдөн да бийик турат. Мен эч кимге жалган көрсөтмө берген эмесмин жана эч качан жалган көрсөтмө бербейм. Убагында таксиге 100 сом төлөгөн үчүн (төлөбөдүң деп) мени 5 жылга эркимен ажыраткансынар, ал дагы эсимде Абдиль мырза. Жогорудагы акыйкатсыздыкты эске алып, Абдиль Сегизбаевдин жасаган иштери мыйзам чегинде каралып, камалышын талап кылам. Эгерде 15 майга чейин Абдиль Сегизбаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынбаса, жеке мен саясый ачкачылыкты баштайм жана баардык абактагы саясый туткундарды, Абдилдин колунан жапа чеккендерди да ачкачылыкка кошулууга чакырам”,-дейт М.Аспеков.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;