Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Түндүк-түштүк маселесин таңуулап жаткандар – элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер

Түндүк-түштүк маселесин таңуулап жаткандар – элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер

03 май 2018, 16:06    bishkek
0 комментарий   

Акыркы убактарда айрым саясий күчтөр өлкөбүздө түндүк-түштүк маселесин таңуулай башташканы белгилүү болууда. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден бери карай мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындалган кадрлардын арасынан жалаң өлкөбүздүн түштүгүнөн чыккандарын өзүнчө бөлүп карашып, «Мына президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат, жалаң түштүктөн кадрларды дайындап атат» деген сыяктуу коомдук пикир жаратуу аракеттери жасалууда.
Бирок, реалдуулукта андай эмес экени, бийлик бутактарында баланс сакталып атканы, жооптуу кызматтарда өлкөбүздүн бардык аймактарынан, түндүгүнөн да, түштүгүнөн да кадрлар жетиштүү түрдө дайындалып жатканын жакшы билебиз.
Бирок, бузукулук саясат жүргүзүп көнгөндөрдө коомдогу көрүнүштү дайыма бир беткей гана карай билүү өнөкөтү өөрчүп кеткендигин көрүп турабыз. Андыктан мындай чагымчылдыкты жасап аткандарга карата чара көрүлө турганын президент 3-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. 
“Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, - деди мамлекет башчысы.
Ошого эле улай ал өз өлкөсүнүн элин эч качан улутуна, динине, жерине карап бөлбөй турганын, өзүн жалпы Кыргызстан элинин президенти милдетин аткарып, журтуна кызмат кыла турганын кошумчалады. Ал үй-бүлөлүк бийлик кандай болорун бир эмес, эки президенттин тушунда көргөнүбүздү, андай үй-бүлөлүк кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы өлкө калкынын аң-сезиминде өчпөс так катары калганын жана элибиз андай кландык башкарууга эми эч качан жол бербей турганын айтты.
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришип жатканда эле эч качан үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын, Кыргызстан өзүнүн тандап алган парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунан тайбай турганын билдирген. Азыр дагы ошол принцибинен тайбай келет. Ошол эле убакта кадрларды кайсыл жерден экенине карап эмес, тажрыйбасына, профессионалдуулугуна карап тандай турганын да көрсөтүүдө.  

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;