Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Аргасы куруган Атамбаев эми партиялаштары аркылуу президент менен элдешүү жолун издөөдө

Аргасы куруган Атамбаев эми партиялаштары аркылуу президент менен элдешүү жолун издөөдө

03 май 2018, 11:57    bishkek
0 комментарий   
Буга чейин маалымат булактарында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина, Марат Аманкуловдордун экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кайрадан ынтымакка келүүгө даяр экендигин кыйытканын билдиришкен.
Аманкуловдун айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өтүп, анда алар Атамбаевге президент менен жолугушууну сунушташкан. Мындай сунушту И. Карамушкина көтөргөнүн жана ал сунуш менен А. Атамбаев макул болгонун да маалымат булактары жазып чыгышты.

«Мен бул теманы көтөрүп чыктым, саясий кеңеш өз кезегинде ага макул болду жана колдоду. Менин оюмча партия башчысы жана президент жолугушуп жана кандайдыр бир милдеттерди, анын ичинде коррупция менен күрөшүүнү чечүүдө партиялык жана мамлекеттик күчтөрдү консолидациялашы керек», - деген И. Карамушкина.

Мындай жагдайды кандайча анализдөөгө болот? Негизи мамлекет башчысына карата маалыматтык чабуулду биринчи болуп Атамбаев өзү баштап алды. Ал адегенде М. Мискенбаевдин оозу менен, анан дагы маалматчылары А. Үсөнов, Ф. Ниязовго тиешелүү маалымат булактары аркылуу мамлекет башчысына орунсуз дооматтарды артып, атайылап каралоо аракетин жасады.

Ал ортодо Бишкек ТЭЦинде авария болуп, анын арты менен ТЭЦти модернизациялоодо Кытайдан келген кредит максатсыз пайдаланылганы, коррупциялык схеманын бар экени коомчулукка кашкайып көрүндү. Бул жагдай дагы А. Атамбаевдин түн уйкусун бузуп, 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында колуна кайсы бир документти кармап алып, «Бишкек ТЭЦи боюнча Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү иштеген» деген сыяктуу далилсиз жалаа жабуусун айтып өттү. Эгерде Атамбаев чындыкты гана сүйлөгөн саясатчы болгондо эч качан өзүнүн досуна, болгондо да мамлекет башында турган адамдын дарегине мындай жалган жалаа айтпайт эле.
Ошентип Бишкек ТЭЦинин арты менен А. Атамбаевдин кланынын коррупцияга батканы бат эле ачыкка чыкты. Биринин артынан бирине кылмыш иштери козголду. Анын таянган кадрлары элдин, парламенттин ишениминен ажырап отставкага айдалышты. Коррупцияга каршы күрөшө турган кадрлары өздөрү коррупцияга батканы, контрабанданы калкалап жүргөндөрү билинди.
Мына ушундай жагдайлар эми А. Атамбаевдин аргасын курута баштады. Себеби, азыркы тапта козголгон коррупциялык иштерди тереңден казуулар башталганда А. Атамбаевдин өзүнүн да карааны көрүнө турганы билинип калды. Андыктан ал эми партиялаштары аркылуу президент С. Жээнбековго жолугушууга жол таап, өзүнүн былгып келаткан былыктарын жаап калууга аракет жасоодо десек болот.
Ал эми президент коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө эч кимди аябай турганын билдирген. Ал досубу же тууганыбы, эгерде коррупцияга аралашкан болсо, анда жоопкерчиликке тартыла турганын билдирген. «Менин партиям – бул эл, мамлекет» деген президент. Андыктан адегенде өзү тиш салып, өзүнүн мамлекеттик жогорку кызматтардагы кадрларын сактап калуу, алар аркылуу мурдагыдай эле кыңыр иштерин уланта берүүнү көздөгөн АШАнын эми кыңыр иштери ачыкка чыга баштаганда «ынтымакка келели» деп атканы, «мени корголоп кал» деген сыяктуу эле ишаараты болуп калууда.
Негизи эле А. Атамбаев менен чогуу табакташ болгондордун баарынын тагдыры жакшы болгон жок. Ал жансакчылардан, шоопурларынан чиновник чыгарганы менен, алардын тагдырын жаштайынан талкалап салды. Мисалы, Б. Сүйүмбаев эми жасалма диплом алганы, контрабанданы калкалап келгени боюнча эртеби-кечпи мыйзам чегинде жазасын алат. А. Сегизбаев «Белизгейт» боюнча жоопкерчиликтен эч качан кача албайт. Себеби, аны далилдей алган жок.
А. Атамбаев убагында экс-спикер А. Келдибековду болушунча пайдаланып туруп, кийин аны каматып, шайын биротоло кетирип, саясий салмагын биротоло жоготту. Ө. Текебаевдин колу менен да далай каршылаштарын жайлаган. Аягында аны да темир тор артына отургузду. Ө. Бабанов менен да үй-бүлөлүк катышта болуп жүрүп, аягында аны да сатты. Ч. Турсунбековду "Досум, сен президент болосуң" деп ээликтирип, анысы «прическасын» жаңыдан эле өзгөчөлөнтүп калганда оюндан чыгарды. Катчысы болуп жүргөн И. Жолдубаеваны баш прокурорлукка алып барып, өзүнүн гана заказдарын аткаруу менен карьерасына чекит койдурду. С. Исаковду да өзүнө табакташ кылып жүрүп, бат эле элдин иренжүүсүнө туш кылды. Атамбаевди тегеренип шыйпаңдап жүрүүчү О. Артыкбаев да кылмыш жоопкерчилигине ана-мына тартылганы турат. Баарынан дагы жаш жигит А. Калиевдин тагдыры талкаланганы жаман болду.
Айтор, А. Атамбаевге таянып, майлуу кызматтарды аркалаган кадрларынын баарынын тагдыры бузулду. Алар бул үчүн башка бирөөлөрдү эмес, Атамбаевди гана күнөөлөөлөрү керек. Себеби, аларды заматта «айга жеткирип» салып, көздөрүн тумандаткан АША болду. Эми алар тарта турган жоопкерчиликти экс-президент өзү да тартышы керек...










"Телеградан" алынды скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;