Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Шадиев качтыбы же качкан жокпу? Милдет – качырбоо керек

Шадиев качтыбы же качкан жокпу? Милдет – качырбоо керек

03 май 2018, 11:06    bishkek
0 комментарий   


Ушул жылдын февраль айында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы маалым болгон.
 
Ал акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылы сентябрь айында колуна алган. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы А. Шадиевдин колу коюлган катты ал кездеги спикер Ч. Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы да белгилүү болгон. Бул ишке байланыштуу Шадиев да, Турсунбеков да бир нече ирет суракка чакырылышкан.
 
Натыйжада Баш прокуратура А. Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш ишин козгогонун 28-апрелде маалымдаган. 
Ошентип башынан кара булут айланып калганын баамдаган А. Шадиев өзүнүн бул документке кол коюп койгонуна өкүнүп атканын билдиргендей болуп жүргөн болчу. Анан эле анын жардамчысы А. Эрмеков 2-майда өзүнүн «шефи» дарыланыш үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин маалымат булактарынын бирине билдирип чыкты. Анын айтымында Шадиев акыркы 5 жылдан бери карай жүрөк оорусу менен алпурушуп жүргөндүктөн дарыгерлердин каттоосунда турган. "Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде кетти. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет”, - деген Эрмеков. Бирок, ал кайсыл өлкөгө чыгып кеткенин так айткан эмес. 

Бирок, бул маалыматтын төгүн экенин УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымат булактарынын бирине билдирген. «Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев расмий түрдө мамлекеттик чек арадан эч жакка чыккан эмес. Учурда ага карата Башкы прокуратура буга чейин козгогон кылмыш ишин тергөө уланууда», - дейт ал. 
Эгерде А. Шадиев чек араны мыйзамсыз эле кесип өтүп кеткен болбосо, анда ал өлкө ичинде эле экенин түшүнсөк болот. Андыктан мындай кылмышка шектүү чиновниктердин сыртка качып кетүүсүнө жол бербөө керек. 
 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;