Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » “Чаарат Голд” Кумтөрдү сатып алуу ниетин ырастады

“Чаарат Голд” Кумтөрдү сатып алуу ниетин ырастады

02 май 2018, 16:36    bishkek
0 комментарий   
Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") Кумтөр алтын кенин сатып алуу ниетин ырастады

Компаниянын сайтында 1-майда жарыяланган маалыматта "Чаарат Голд" акцияларды 800 миллион долларга баалап жатканы айтылган.
“Чаарат Голд” компаниясы Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин сатып алуу жөнүндө сунушун алгач апрелдин ортосунда билдирген. Андан кийин 25-апрелде "Centerra Gold Ink." компаниясы бул сунушту кабыл албай, Кумтөрдү сатпай турганын жарыялаган.
“Чаарат Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец “Азаттыкка” “Центеррадан” Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү менен өнөктөштүктө сатып алуу тууралуу сунуш киргизгенин бышыктаган.
- Учурда “Центерранын” акцияларынын 26,6 пайызы кыргыз өкмөтүнүн колунда. Биз кыргыз өкмөтү өз акцияларынын басымдуу бөлүгүн кендеги түз экономикалык кызыкчылыгына алмашуусун жана кендеги бардык экономикалык пайданын, дивиденддердин 50 пайызын алышын сунуш кылдык. Азыркы шартта кыргыз өкмөтү “Центеррадагы” акциялардын ээси катары компания дивиденд төлөсө гана экономикалык пайдага ээ болуп жатат. Биз биринчи күндөн тартып эле "кыргыз өкмөтү кенден түшкөн бардык дивиденддердин 50 пайызын алсын" деп жатабыз, - деген Артем Волынец.
Буга чейин экс-премьер Сапар Исаков жетектеген өкмөт Кумтөр боюнча келишимге кол койгону үчүн аны бир катар депутаттар сынга алышкан. 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 миллион доллар бөлүп турмай болгон.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;