Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Бөйрөктөн шыйрак чыгарам деп АШАнын «кулагын» чыгара берген «Апрель ТВ»

Бөйрөктөн шыйрак чыгарам деп АШАнын «кулагын» чыгара берген «Апрель ТВ»

11 окт 2018, 16:42    bishkek
Кече жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөп жатып, маданият, илим, билим ишмерлери, Өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилери жана Кыргызстандын донорлору менен жолугушуп өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык актуалдуу маселелери боюнча пикир алышууга ниеттенип жатканын билдирген болчу. Мына ушул маалыматка экс-президент А. Атамбаевдин жеке телеканалы болгон «Апрель ТВ» атайын репортаж даярдаганы кызык болду. Аталган телеканал «Президент мудагы өкмөт башчылары, спикерлер менен жолугат экен, ошондо ал кимдер менен жолугат?» деген суроону коюп, анан К. Бакиевди, Д. Үсөновду, Н. Танаевди, А. Атамбаевди, Ө. Текебаевди, А. Мадумаровду, айтор ушул сыяктуулардын аттарын атап, «Булар жолугушууга бара алышпайт» деп себептерин айтып, анан бара ала тургандар деп А. Келдибековду, З. Курмановду, Ч. Турсунбековду жана президенттин иниси, ЖК депутаты А. Жээнбековду атаган экен. Эми муну ачык эле «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» деп айтса болот. Себеби, мамлекет башчысы С. Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн убагында жакшы иштеп кеткен, таасирдүү экс-өкмөт башчылары, экс-спикерлер, илим-билим ишмерлери менен жолугушууну ниет кылып жатат.

Ал эми «Апрель ТВ» андан кандайдыр бир кынтык издегиси келет. Туура, К. Бакиев, Д. Үсөновдор келе албайт. Алар Белоруссиянын жараны болуп алышкан. Н. Танаев Россиянын жарандыгын алып кеткен. Ө. Текебаев, С. Исаков, Ж. Сатыбалдиевдер камакта. А. Мадумаров болсо азыркы тапта “кимден акча чыгат болду экен” деп аңдып жүргөн убагы. А. Атамбаев Эгемендүүлүк салтанаты өңдүү башкы майрамдардын расмий ачылышына келе албай жүрөт, анан кантип бул жолугушууга келмек эле? Келгенге бети да чыдабаса керек. Бирок, Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес. Эгемендик алгандан бери өкмөттү жана парламентти татыктуу жетектеп кеткен мыкты инсандар бар. Мисалы, экс-премьерлерден Апас Жумагулов, Амангелди Муралиев, Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева бар. Ал эми Жогорку Кеңешти татыктуу жетектеп кетишкендерден – Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов дегендер бар. Мына ушул аттуу-баштуу инсандарды АШАнын телеканалы билбейби? Эгерде экстердин тизмегин да толук билбесе, жок дегенде интернеттен издеп коюшса боло?

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив