Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Кыргызстандын Кореядагы Элчисинин билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу жүйөлөрүн текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын маалыматы

Кыргызстандын Кореядагы Элчисинин билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу жүйөлөрүн текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын маалыматы

11 окт 2018, 16:15    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К. Султандын  билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн  изилдеп чыкты.
Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы  текшерүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын  Президентиин кароосуна 2018-жылдын 10-октябрында киргизди.
Текшерүү аныктагандай,  Элчинин билдирүүсүндө жана КР ТИМинин жүйөлөрүндө жана ЖМК чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы ырас жана алар  тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдары менен ырасталат.
Тышкы иштер министрлигиндеги бузуулар тууралуу маалыматты  алдын ала текшерүү өлкөнүн тышкы саясий ведомствосундагы   олуттуу  көйгөйлөрдүн бирин — ТИМдин системасында  так кадрдык  саясат  жок экендигин, ошондон улам мунун кесепети катары мезгил мезгили   министрликтен «кызматтык» мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү.
Кадрларды тандоодо  жана жайгаштырууда КР ТИМинин жетекчилигинин олуттуу кемчиликтери аныкталгандыгын, ошондой эле  тышкы иштер министрлиги  кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузууларына жетишээрлик обьективдүү реакция жасабагандыгын белгилеп коюу зарыл.
Текшерүү Элчи К.Султан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Корея Республикасындагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилдеги кемчиликтердин жана бузуулардын фактыларын  аныктады.
Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде жашыруундуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин К.Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү  Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон  «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербегендиги дагы белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелет.
2018-жылдын февраль айында К.Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке  тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү  мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат. 
Элчи К. Султан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап,  резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашкан. Бул финансылык бузуу болуп саналат. Кыргызстандын  Кореядагы Элчиси кезинде К. Султан КР ТИМи менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаган. 
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча  төлөнөт.  Текшерүүнүн жүрүшүндө К. Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.  
Буга карабастан КР ТИМи  2018-жылы Элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген. 
Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К. Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субьектилеринин жетекчиси болгон. 
Тышкы иштер министрлигиндеги, ошондой эле К. Султандын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган бузуулар фактылары боюнча материалдар карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив