Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » ЭВФ Тажикстанга 300 млн доллар насыя берүүгө ашыкпайт

ЭВФ Тажикстанга 300 млн доллар насыя берүүгө ашыкпайт

11 окт 2018, 16:12    bishkek
0 комментарий   
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) тажик өкмөтү экономикалык тармакта бир катар реформаларды жасаса гана каржылык жактан колдоо көрсөтө турганын билдирди.
Сентябрда Душанбеге келип кеткен фонддун Тажикстан боюнча миссия башчысы Паджама Ханделвал банк системасында аманатчылардын ишенимин калыбына келтирүү боюнча өкмөттүн аракеттерин колдой турганын билдирген. Бирок 2016-жылдагы каржы секторун баалоо программасында берилген сунуштарды аткаруу үчүн дагы көп иштер талап кылынарын белгилеген.
Ханделвалдын айтымында, өлкөдөгү эки ири банкты кризистен чыгаруу үчүн чечкиндүү чараларды көрүү керек. Бирок ал бул кандай чаралар экенин так белгилеген эмес. Каржы адистери Эл аралык валюта фонду Тажикстандан «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкты» банкрот деп жарыялоону талап кылууда деп болжолдошууда.
Тажик өкмөтүнүн экономикалык блогунун өкүлү бул шарттарды аткаруу мүмкүн эмес экенин, себеби эки банктын аманатчылары көп экенин айтты.
Жаңы программанын алкаганда Тажикстанга насыя берүү боюнча сүйлөшүүлөр 2015-жылы күзүндө эле башталган. Өлкө фонддон 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя алууну пландоодо. Буга чейинки үч жылдык программанын алкагында фонд Тажикстанга 160 миллион доллар жардам берген. Кийинки программа боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;