11-октябрь күнү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2017-жылдын 16-январынын таңында Дача СУ айылында болгон авиакырсык боюнча тергөө иштеринин тагдыры эмне болуп атканына кызыкты. Анын айтымында көптөгөн суроолор жоопсуз калды. Такталбаган маалыматтар боюнча экипаждын мүчөсүнүн бирөөсүнүн сөөгү табылган эмес. Эмне себептен кырсык болгон жерге ӨКМ (Өзгөчө кырдаал министрлиги) 1 саат 40 минут ичинде келе алган эмес? Анан дагы ал кырсык болгон жерге алгачкы сааттарда милиционерлер куткаруучуларды киргизбей кармап турушканы да айтылган. «Ал самолеттогу жүк кимге таандык болгонун тактоого мүмкүн болдубу? Кырсык боюнча көптөгөн суроолор бар. Жыйынтык болобу же жокпу?», - деди Б. Төрөбаев. Чын эле, суроолор арбын, бирок жооп жок. Андыктан Бакыт Төрөбаевдин айтып атканы маселесине олуттуу көңүл буруу керек. Себеби, бул кырсыкта 39 мекендешибиз таңкы таттуу уйкусунан ойгоно электе жарыкчылык менен кош айтышып кетишкен. Толугу менен жок болуп кеткен үй-бүлөлөр болду. Баарынан ажырап жалгыз өзү калган жаш балдар болду. Балдарынан ажыраган ата-энелердин көз жаштары али кургай элек.
Баса, мына ушундай эл башына кара түн түшүп турган чакта эмнегедир ошол убакта мамлекет башында турган А. Атамбаев кырсык болгон жерге бир дагы жолу басып барбай койду. Эмнеге? Мына ушул суроого да жооп алыш керек. Ошол кырсыкка учураган самолеттогу жүктөр контрабандалык жол менен келаткан товарлар экени да белгилүү болгон. Анан дагы ал жүк А. Атамбаевдин үй-бүлөсүнө, так айтканда анын аялы Раиса Атамбаевага таандык экени да көп айтылган. Жүктүн салмагы 86 тонна болгон. Бул жүктүн Атамбаевге таандык болгону тууралу түркиялык басылмалар да жазып чыгышкан. «Ушул жүктөр меники эле, бөөдө жерден өтө ири суммада банкротко учурадым» деп ызы-чуу салып, кырсыкка учураган самолеттун ээси болгон авиакомпанияны деле сотко берген эч ким болгон жок. Демек, көп суроолор бар. Жооп жок. Качан буга тиешелүү мамлекеттик органдар олуттуу көңүл бурат? Же 38 адамдын өмүрү оюнчукпу? Эгерде мындай фактыларды жаап-жашыра берсек, анда андай окуялар дагы кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?