Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » 8 жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча парламентте маалымат угуу маселеси көтөрүлдү

8 жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча парламентте маалымат угуу маселеси көтөрүлдү

11 окт 2018, 11:44    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында үзгүлтүккө учурап келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу маселе көтөрүлдү.
Депутат Абдывахаб Нурбаев 2012-жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 7 тендер өткөрүлүп, бузулуп келатканын сынга алып, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде мындай долбоорлор эчак ишке ашырылып, ийгиликтүү иштеп жатканына токтолду. Эл өкүлү жүзөгө ашырылбай келаткан долбоорду парламенттер карап, талкуулап, тиешелүү чечим чыгарууну сунуш кылды.
Аталган көйгөйдү улаган депутат Алтынбек Сулайманов 8 жылдан бери жол кырсыгынан 8000дей жаран каза болгондугун, миңдеген кылмыш иштери ачылбай келатканын баса белгилеп, долбоорго КР Ички иштер министрлиги, Байланыш боюнча мамлекеттик комитет каршы болгондой деген пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, коңшу Казакстан менен Тажикстанда аталган долбоор 4-5 жыл мурун ишке кирген. Депутат А.Сулайманов бул иштин уюштуруу тартибин башка нукта жүргүзүүнү – мындай иштерди колдонууга киргизген дүйнөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорду ишке ашыруу сунушу менен чыкты.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;