Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » “Кол тийбестикти алуу мыйзамы” парламентке түштү, Атамбаевдин эркиндигине чекит коюлганы калдыбы?

“Кол тийбестикти алуу мыйзамы” парламентке түштү, Атамбаевдин эркиндигине чекит коюлганы калдыбы?

11 окт 2018, 10:58    bishkek
0 комментарий   
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманбек Зулушевдин “Президенттин кепилдиктери жөнүндө”, “Жогорку Кеңештин регламенттери жөнүндө” деген мыйзам долбоорлорун өкмөт карап чыгып, аны 9-октябрда парламенттин кароосуна жөнөткөндүгү маалым болду. Аталган мыйзам долбоорлору экс-президенттен кол тийбестикти алууга багытталган. Конституциялык палата “Президенттин кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзамдын кол тийбестик жөнүндө 12-беренеси Башмыйзамга каршы келет деп тапкандан кийин парламент аны өзгөрткөнгө милдеттүү. Эгерде өзгөртпөсө, аны таркатып жибергенге укуктук жол ачылат. Демек, АШАга көптөн бери аргамжыдай чубалып, коомчулукту кыжырлантып келаткан мыйзамсыз иштерине жооп берүүчү мезгил жакындап калды. Ал эми АША керт башы менен жооп берүүчү маселелер абдан көп. Биринчиден, ал “временшиктери” менен биргеликте 2010-жылдын 6-7-апрелдеринде, ошол жылдын июнунда түштүктөгү коогалаңдарда курман болгондор үчүн керт баштары менен жооп бериши керек. Андай оор кылмыштарда мөөнөтү эскирген деген түшүнүк болбойт. Временшиктер өздөрү ошол убактарда Бишкекте, Ошто белгисиз снайперлер, автоматчылар милицияларды да, кыргыздарды да, өзбектерди да атып жүрүшкөндүгүн мурда эле айтып келишкен, азыр да кайталашууда. Бирок, анда эмне үчүн убагында күч органдарын жетектеген АША же УӨнүн башка мүчөлөрү алардын ким экендиктерин аныктап, укуктук чараларды көрүшкөн эмес? Өзгөчө кырдаалдарда функционалдык милдетти аткарбоо, бирөөлөрдүн кылмыштарын жаап жашыруу аябагандай чоң кылмыштардын катарына кирет.

Аксы окуясында 6 адам өлүп, дагы бир нече адам жарадар болгондугу үчүн премьер-министр баш болуп, бир нече адамдар кызматтарынан кетишкен. Ал эми түштүктө 400дөн ашык адамдын өлүмүнө, 1,5 миңдей адам ар кандай жаракаттарды алуусуна себепкер болгон Атамбаев временшиктердин жардамы менен президент болуп шайланып алып, дагы оор күнөөлөрдү жасады, мамлекетке жүздөгөн миллион долларлык зыяндарды келтирип, адекваттуу эмес жүрүм-турумдары, абийирдүү адам оозго алгыс сөздөрү аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө шерменде кылды. Чолпон-Атадагы ипподромду курууда ондогон миллион сомдор, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо 150 миллиондон ашык доллар, Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо жүздөгөн миллион сомдор уурдалгандыгы, алардын башында экс-президент өзү тургандыгы ашкереленүүдө. “Мегакомдун” жетекчилерин кийинки жылдагы салыгынын эсебинен 700 миллион сомду которууга мажбурлап, өзүнүн кызматтык ыйгарымын кыянаттык менен пайдалангандыгы, бюджет жөнүндө мыйзамды одоно бузгандыгы мурда эле белгилүү болгон. Алар үчүн ондогон адамдар камалды, дагы бир топтору сурак берип жүрүшөт.
Бирок аларды ишке ашырууга түздөн түз жетекчилик кылган Атамбаевдин башынан бир тал чачы түшө элек. Көз карандысыз серепчилер Датка-Кемин өткөргүчүн, көмөкчү чордондорду, Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун курууда да ири өлчөмдөрдөгү коррупциялык кызыкчылыктар болгондугун айтышууда. Алардын алды текшериле баштады. Демек, алардан да Атамбаевдин активине коррупциялык жаңы сандар жазылышы мүмкүн. Түркиянын атайын кызматтары 2017-жылдын январында Дача-СУда кыйраган учактагы контрабандалык баалуу жүктөр Атамбаевдин үй бүлөсүнө таандык болгондугун маалымдашкан. Авариядан кийин аялы Раисанын бир жума өзүнө келе албай жаткандыгын Атамбаев өзү айткан. Аварияда 37 адам өлүп, элге ондогон миллиондогон сомдук зыяндар келтирилгендиги үчүн да ал жооп бериши керек.

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;