Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолугушту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолугушту

11 окт 2018, 10:33    bishkek
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору, БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ өнүктүрүү программалары ортосундагы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформалар алкагындагы өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады.
Вице-премьер-министр белгилегендей, БУУ бир катар жылдар бою экономиканын ар-кыл секторлорунда көмөк көрсөткөн Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.
Анын айтымында, өз-ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү катары жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформаларга БУУ тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөк эсептелет.
Өз кезегинде Озонниа Ожиело белгилегендей, БУУ кыргыз тарапка  жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо жаатында жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурат.
Ал соттук-укуктук реформанын алкагында БУУ тарабынан ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымдап, ошондой эле жүргүзүлгөн реформанын алкагында максаттарга жетишүү үчүн Кыргызстанга мындан аркы көмөктөшүү маселесин изилдөөгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жазык мыйзамынын новеллаларын имплементациялоо тармагында өз ара аракеттешүү келечеги, анын ичинде пробация институтунун калыптанышы, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жана Бузуулардын реестрин түзүү, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүү талкууланды.
Мындан тышкары тараптар жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында биргелешкен аракеттерди консолидациялоого багытталган келечек кадамдарды эксперттик деңгээлде талкуулоону макулдашышты.
 скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив