Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » Тажикстандагы коомдук бирикмелер каржы отчётун тапшырып турууга милдеттендирилди

Тажикстандагы коомдук бирикмелер каржы отчётун тапшырып турууга милдеттендирилди

11 окт 2018, 09:51    bishkek
0 комментарий   
Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депута







10-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөтүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, эми өлкөдөгү бардык коомдук бирикмелер чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдардан алган каражаттары тууралуу мамлекеттик органдарга отчёт берип турушу керек болот.
10-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөтүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, эми өлкөдөгү бардык коомдук бирикмелер чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдардан алган каражаттары тууралуу мамлекеттик органдарга отчёт берип турушу керек болот.
Маалыматка караганда, коомдук бирикмелер Юстиция министрлигине отчёт берип, кийин алар Улуттук банкка жөнөтүлөт. Мындан тышкары алардын ар бирине интернетте өз веб-сайттары болушу керек деген талап коюлду.
Тажикстан Улуттук банкынын төрага орун басары Хамидулло Машрабзоданын айтымында, тиешелүү өзгөтүүлөр Кылмыштуу жол менен табылган акчалардын изин жашырууга каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгуу тобунун (Financial Action Task Force on Money Laundering (FATF) сунуштарынын негизинде киргизилген.
«Бардык коомдук бирикмелер жылына бир жолу өзүнүн сайтына каржы отчетун жарыялап турушу керек. Ошол эле отчёт уюмду каттоого алган органга берилет. Өз кезегинде ал орган отчётту карап чыккандан кийин Улуттук банкка жөнөтөт», — деди Хамидулло Машрабзода.
«Жарандык эркиндик кеңсеси» аттуу коомдук бирикменин өкүлү Дилафруз Самадова мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү коомдук уюмдардын ишине кийлигишүү катары эсептөөгө болбой турганын билдирди. Анын айтымында, дээрлик бардык коомдук бирикмелер, анын ичинде «Жарандык эркиндик кеңсеси» дагы гранттары жана долбоорлору тууралуу дайыма өз сайттарына отчетторун жарыялап келишет. «Биз буга чейин деле Юстиция министрлиги менен Салык комитетине каржы отчетун тапшырып келгенбиз — бул адаттагыдай эле көрүнүш», — деди ал.
Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы коомдук бирикмелердин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн Тажикстанга чет өлкөлөрдөн 854 миллион 117 миң сомони (100 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө грант келген.
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;