Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » Тарых музейиндеги коррупция: Бир стул – 147 миң сом, бир жыгач ат – 22 миң евро

Тарых музейиндеги коррупция: Бир стул – 147 миң сом, бир жыгач ат – 22 миң евро

14 сен 2018, 16:32    bishkek
0 комментарий   
14-сентябрда парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында Тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттар тууралуу талкуу өттү. Ага катышкан баш прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев Тарых музейинин реконструкциясына бөлүнгөн акча каражаттары рационалдуу пайдаланылбаганын билдирди. Анын айтымында Башкы прокуратура бул оңдоп-түзөө иштеринен көптөгөн укук бузууларды таап чыккан. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам сакталган эмес. Бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган. Азырынча тергөө аяктай элек. Н. Дүйшөмбиевдин айтымында тергөө мөөнөтү узартылган, андыктан азырынча тергөө сырын ачыктаганга болбойт. Бирок, күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылаарын белгиледи. УКМКнын АКСинин директорунун орун басары Талантбек Кожоновдун айтымында Тарых музейи үчүн сатылып алынган кофеварканын басы 147 миң сом болгон. Андан сырткары буга чейин коомчулукка “баасы 14 миң евро экен” делип келген жыгачтан жасалган аттар 22 миң евродон сатылып алынган болуп чыкты. Май айында эле 14 миң евро болуп турган жыгач аттын 3-4 ай ичинде дагы 8 миң евродон баа кошуп алганына депутаттар тан берип турушту. Эл өкүлү А. Шыкмаматов “Биздин адистер мына ушундай аттарды Украинадан 5 миң доллардан табышты” – деди. УКМКнын АКСинин маалыматы боюнча Тарых музейине стулдарды сатып алууга 6 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Ар бир стул 147 миң сомдон айланган. Айтор, мына ушул реконструкциялоодон азырынча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 118 миллион 215 миң 200 сомду чапчып турат.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;