Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Бактыбек Абдиев тарых мухейинен алынган гранит, мрамор таштары каякка колдонулганын айтты.

Бактыбек Абдиев тарых мухейинен алынган гранит, мрамор таштары каякка колдонулганын айтты.

14 сен 2018, 16:21    bishkek
0 комментарий   
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев тарых мухейинен алынган гранит, мрамор таштары каякка колдонулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет ШыкмаматовТарых музейиндеги таштар кайда кеткенине сурап Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна кайрылды.
Абдиев белгилегендей, Тарых музейин оңдоп түзөө 2 этап менен ишке ашкан.
"Мамлекеттик тарых музейине баштан аяк оңдоп-түзөө иши 2016-жылы башталган. Бул долбоор 2 этап менен ишке ашмак, биринчи этабы айланасындагы таштарды алмаштыруу. Бул этапты ишке ашырууга Кыргыз өкмөтү менен Түрк мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда кол коюлуп, ТИКА деген курулуш компаниясы ишти баштаган. Ал жерди оңдоп түзөөгө 4 жарым миллион доллар гранттык каражат сарпталган. Бүгүнкү күндө тарых музейинин айланасындагы таштар толук алмаштырылып бүтүп калды. Биринчи этап менен жалпы 14027 чарчы метр гранит ташын алмаштырылган.
Экинчи этап музейдин ичин оңдоп-түзөө болчу.
СМУ-3 компаниясы иштеп музейди реконструкция кылганда 4479 чарчы метр мраморду демонтаж кылганбыз. Анын ичинен 1001,4 чарчы метрди тарых музейине кайра колдондук. Андан тышкары 1164 чарчы метрди онкологияга бергенбиз, алар колдонуп, бүгүн жумуштар бүткөн. "Кыргызтелеком" ишканасы СМУ-3төн расмий кат менен кайрылып 1705 чарчы метр аларга берилген. 357 чарчы метр бүгүнкү күндө аталган компаниянын базасында сакталып турат. Бул эсептердин баары СМУ-3түн жетекчилигинде бар.
Гранит плиталары боюнча 2768 чарчы метр чыккан, кайра колдонууга 21,5 чарчы метр алганбыз, онкология 1652 чарчы метр бергенбиз, 405 чарчы метр СМУ-3түн карамагында сакталып турат.
Башкы куруучу СМУ-3 болгондуктан силер ал жерден эмне чыкса барын чогулта бергиле кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп бересиңер дегенбиз", -деди Абдиев.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;