Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » "Ата Мекен" фракциясы чуулгандуу иштерди талкууга алып чыгат

"Ата Мекен" фракциясы чуулгандуу иштерди талкууга алып чыгат

14 сен 2018, 10:40    bishkek
0 комментарий   
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 14-сентябрдагы жыйынында чуулгандуу иштердин чоо-жайын талкуулайт.
Анын бири - Мамлекеттик тарых музейиндеги коррупция. Расмий маалыматка ылайык, жыйынга музейдин жетекчилиги, Маданият, маалымат жана туризм, Каржы министрликтеринин адистери чакыртылды. Андан тышкары, Башкы прокуратурадан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), Ички иштер министрлигинен, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын, Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү да келет.

Буга чейин музейди жаңылоодо анын жасалгалары ашкере кымбат баада көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйынында каралган. Ошондон улам бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок анын жыйынтыгы боюнча кимдер жоопко тартылып жатканы жарыялана элек.

Ошондой эле "атамекенчилер" "Белизгейт" чырына байланыштуу маселени да тийиштүү орган кызматкерлеринин катышуусунда талкууга алат.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. "Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жүрөт.

Башкы прокуратура жана УКМК былтыр "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;