Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Президент, который всегда с народом
Издөө
» » АМАТОВ: "Акыйкатчы кызматына Канатбек Азиз татыктуу. Анын билими, тажрыйбасы бар, чындыкты айта алат"

АМАТОВ: "Акыйкатчы кызматына Канатбек Азиз татыктуу. Анын билими, тажрыйбасы бар, чындыкты айта алат"

13 сен 2018, 18:13    bishkek
0 комментарий   
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай АматовАкыйкатчы институту акыркы жылдары алгылыктуу иш жасабаганын айтып, бул кызматка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдой турганын билдирди.
"Акыркы жылдары жеке эле мага көптөгөн жарандар кайрылып келишет. Алар негизинен соттор жана прокуратура кызматкерлери тарабынан укуктары тебеленип жатканын айтышат. Мындан сырткары, турак-жай алууда укуктары корголбогондор көп. Мунун баары өлкөдөгү Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоодо чабал экендигин көрсөтүп турат. Аталган институт укугу тебеленгендердин үнүн жеткире алышпайт жана алардын көйгөйлөрүн оң жагына чече албай келүүдө.
Мына ушул көйгөйлөрдү карап отуруп, Акыйкатчылыкка Канатбек Азиздин талапкерлигин колдойт элем. Аны сунуштагандан бери элде дагы позитивдүү маанай калыптанды десем болот. Канатбек мырзанын билими, тажрыйбасы бар. Чындыкты дагы айта алат. Коомчулук да колдоп жатат. Анын буга чейинки юрист катары ишмердүүлүгүн мисалга алсак, саясий куугунтуктоо күч болуп жаткан учурда да, бийлик тарабынан басым жасалып жатса да, тайманбастан, айрым укук бузууларды айтып турду. Мисалы, президенттик шайлоонун өтөр күнүн жылдырууга бийликти аргасыз кылды. Акыйкатчы болуу үчүн эң башкысы тайманбас болуп, укук бузуулар болуп жатса бетке айтып иш алып барыш керек. Канатбек мырзада бул сапаттар бар. Учурда элдеги болуп жаткан муктаждыктарды эске алып, бул талапкерди депутаттар колдойт деп үмүт кылам”, - деди Аматов.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;