Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Шаардын медициналык тармагын талкалап, элдин түйшүгүн көбөйткөнү жаткандар кимдер?

Шаардын медициналык тармагын талкалап, элдин түйшүгүн көбөйткөнү жаткандар кимдер?

13 сен 2018, 17:23    bishkek
0 комментарий   
2017-жылдын апрелинде Саламаттыкты сактоо министрлиги мэрия менен биргеликте Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментин жоюу жөнүндө чечим кабыл алган. Азыр экстерге айланышып, бири абакта жаткан Талант Батыралиев менен Албек Ибраимовдун кандай себептерден улам мындай чечимге барышкандыгы түшүнүксүз, бул жөн эле өздөрүнө жакпаганды эптеп кетирүүнүн айласы болушу да мүмкүн, экс-министрдин орто звенодогу жетекчилери менен дайыма жаңжалдашмай адаты болгондугу эсибизде, бирок кандай болсо да анын жакшылап ойлонулбаган, эмоцияга гана негизделген чечим экендиги талаш туудурбайт. Анткени, республиканын калкынын төрттөн бир бөлүгү жашаган, саламаттыкты сактоочу 43 мекеме, анын ичинде 10 стационар, 19 үй-бүлөлүк медициналык борбор, адистештирилген 2 поликлиника, стоматологиялык 5 поликлиника, борборлоштурулган санэпидстанция сыяктуу дагы бир катар мекемелер бар шаардын тармактык уюштуруучу, координатордук милдетин аткарган түзүмүн жоюп салган туура эмес болгон. Эгерде шаардык департамент жоюлса, жогоруда аталган медициналык мекемелердин иштерин ким координациялап, көзөмөлдөйт? Миңдеген кызматкерлердин арыз-даттарын ким угат? Министрликпи? Ага өзүнүн андан башка баш ооруулары деле жетишет.
Бактыга жараша, ал чечим азырынча аягына чыгарыла элек, укуктук жактан толук жоюла элек, бирок ошондой болсо да ал шаардагы медициналык мекемелердин иштерине аябагандай чоң терс таасирин тийгизип, башаламандыктарды жаратууда.
Буга кошумча министрликтин ушул жылдын 13-августундагы “Бишкек шаарындагы баштапкы медико-санитардык саламаттыкты сактоо уюмдарын кайра уюштуруу жөнүндө “буйругуна ылайык, шаардагы үй-бүлөлүк медициналык борборлорду ирилештирүү каралууда. Ал буйрук Өкмөттүн ушул жылдын 7-майындагы “КРнын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарындагы штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жөнүндө” деген № 227 токтомунун негизинде чыгарылган. Бирок, буйрукту чыгарууда ал токтомдун Саламаттыкты сактоо министрлигинин аппаратынын өзүнө гана тийиштүү экендиги, үй-бүлөлүк медициналык борборлор аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына кирбей тургандыгы эске алынбай калган.
Аталган буйрукка ылайык, шаардагы ар райондо бирден гана үй-бүлөлүк медициналык борбор калтырылып, калгандарын алардын филиалдарына айландыруу, бухгалтерияларын, мамлекеттик сатып алуулар, статикалык жана аналитикалык маалыматтарды жыйноо, отчёттор бөлүмдөрүн бириктирип, ирилештирүү, анын негизинде административдик-башкаруу персоналдардын штаттык бирдиктерин, кыскартуу каралууда. Булар кандай жыйынтыктарга алып келет?
Программада борборлордун директорлорунун профилдик орун басарларын кыскартуу каралган. Эгерде айрым борборлор 70-80 миң адамды камтыган аймактарды тейлей тургандыгын эске алсак, жогорудай кадамдарга баруу калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын кескин начарлоосуна алып келе тургандыгы шексиз. Анткени, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын көзөмөлдөөчү кызмат орундары жоюлганы жатат.
Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун иштерин баалоодо бирдиктүү саясат киргизүү деген шылтоо менен кызматкерлердин аракеттеги айлык акыларынын көлөмдөрүнөн ашкандарында теңдештирилген төлөмдөр киргизилгени жатыптыр. Бул ачык эле советтик мезгилдегидей ар медициналык кызматкердин жекече салымын, ал иштеген аймактын географиялык абалын эске албаган теңдемечилик болуп саналат. Анткени, шаардын борбордук бөлүгүндө иштегендер менен жаңы конуштарда иштеген медициналык кызматкерлердин шарттары асман менен жердей айырмаланат. Аны эске албоо жаңы конуштардагы борборлордо иштеген кызматкерлердин массалык кетүүлөрүнө гана алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда ар кызматкердин жекече салымына жараша эмгек акы төлөө жүргүзүлүп жатканда, медициналык кызматкерлерге айлык акы төлөөдө теңдемечиликти киргизүү ачык эле учурдун саясатын түшүнбөгөндүк болуп саналат. Министрликте мына ушундай замандан артта калган адамдардын отургандары түшүнүксүз.
Кайра уюштуруулардын калкка ар кандай документтерди даярдоодо да аябагандай чоң кыйынчылыктарды жаратары шексиз. Маселен, бир оор дартка чалдыккан адам республикалык ооруканалардын бирине бара турган болсо, ал филиалдардын бириндеги врачка көрүнүп, анан ал жазган жолдомого мөөр бастыруу үчүн борборлордун бирине баруусу зарыл. Андай ашыкча бюрократтык тосмонун кимге кереги бар? Ар медициналык мекемеде кезек күткөндөр көп болорун эске алганда, ал элге гана кошумча кыйынчылыктарды жаратат. Бирок тармактын реформаторлору элди ойлобостон бюрократтык түзүмдөрдү көбөйтүп, өздөрүнүн башкаруу базаларын кеңейтүүнү гана көздөп жатышкандары байкалууда. Алсак, алар шаардагы ар райондо толгон-токой кызматкерлери, бөлүмдөрү бар саламаттыкты сактоо департаменттерин түзгөнү жатышат. Ар департементке 70-80ден штат каралып жатыптыр. “Боёкчу, боёкчу десе...” дегендей, бир департаментти жоюп, анын ордуна төрттү түзгөн деги рационалдуу логикага ылайык келеби? Анын үстүнө шаардын райондорунун, өзгөчө жаңы конуштардын так чек аралары да жок.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;