Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Издөө
» » Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы

13 сен 2018, 11:03    bishkek
1 комментарий   
Ушул жылдын февраль айындагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда коррупцияны кыскартуу, ага каршы күрөш жүргүзүү боюнча президент С. Жээнбеков тарабынан конкреттүү тапшырмалар коюлган. Андыктан бүгүнкү күндө элибиз да, мамлекет башчысы да Д. Сагынбаев башында турган Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишмердүүлүгүнөн олуттуу жыйынтыктарды күтүп турат.

12-сентябрь күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча коомчулуктун алдында кезектеги отчетун берди. Отчеттук алты айлык иштин жыйынтыгынын негизинде кылмыштардын жана жазалардын реестри түзүлгөнү маалым болду.

2019-жылдын 1-январынан тарта өлкөбүздүн жарандары алардан келип түшкөн даттануулардын кандайча иликтенип жана каралып жатканына онлайн режиминде көз салып тура алышат. Сагынбаевдин сөзүнө караганда эми «тергөөчүлөр жана прокурорлор кайсыл бир кылмышкерди калкалоого болобу же болбойбу деп он жолу ойлонууга туура келет».

Мына ушундай жол менен Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөшүүгө ниеттенет. Мындан сырткары, жарандардын кызматтык кылмыш боюнча соттолгондорунун бирдиктүү базасын түзүү чарасы каралганы турат. Бул дагы жакынкы убакыттарда жүзөгө ашат.

Коопсуздук кеңешинин жарым жылдык ишмердүүлүгүндөгү дагы бир олуттуу жагдай – бул жогорку саясий жана башкы административдик кызматтарды ээлеген кызматтагы адамдардын 800дөн ашуун декларациясы тыкыр текшерилген.

Азыртадан эле айрым кызматтагы адамдардын декларациясында мамлекеттик органдардын маалымат базасындагы маалыматтар менен дал келишпеген жагдайлары ачыкка чыгууда

Коопсуздук кеңешинин катчысы жарандардын резонанс жараткан кайрылуулары боюнча да жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөр боюнча айтып берди. Эске сала кетсек, кече жакында эле коррупцияга байланыштуу эки кырдаал социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. Тактап айтсак, Кр Мамэкотехинспекциясынын кызматкери Анара Мамбеталиева мыйзамсыз кадамдарга барып жаткандардын аттарын атап, коррупцияга каршы билдирүү менен чыккан.

«Мен аны менен эки жолу жолуктум. Ведомстводо текшерүү жүрүп жатат. Мамэкотехинспекциянын ишмердүүлүгүндө бузуулар табылды. Материалдар көп. Андыктан ведомстволор аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды, ал чечим чыгарганда, биз аны угузабыз», - дейт Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле «Кыргызтемир жолунун» кызматкери Алия Асанбаеванын кайрылуусу боюнча билети жок жүргүнчүлөрдү эл аралык рейстерде ташуу менен алектенген жоопкер жак аныкталганын Сагынбаев белгиледи. «Кылмыштын курамы боюнча кылмыш иши козголду. Баардык күнөлүүлөр жазага тартылат», - дейт Сагынбаев.

Мына ушул эки кырдаал коррупцияга каршы күрөшүү - бул жалпы кыргыз элинин иши экендигин көрсөтүп турат.

Мамлекет башчысы «Укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын гана күчү менен бул маселени аягына чейин чечүү мүмкүн эмес. Бул процесске жалпы элибиз катышуусу керек», - деген пикири кашкайган чындык экендигин турмуш өзү далилдөөдө. Андыктан бул күрөштө баарыбыз бирге бололу, коррупцияга каршы бирге турсак, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кам көргөн болобуз.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Гость Jeakage от 7 февраля 2019 13:11
Best Buy Provera priligy belgique Levitra Comparison Buy Tamoxifen Citrate Online Levitra Funziona Davvero Prix Du Viagra Au Luxembourg buy cialis Viagra Am Flughafen Comprare Viagra Con Paypal Buy Viagra Cheap Online generic cialis from india Marca Propecia Priligy Suomi Achat Cialis Ligne Suisse Sexpill Www Cytotec generic cialis from india Levitra Generico Online Italia Cialis Tadalafil 20mg Original Viagra Rezeptfrei Bestellen Versandapotheke Viagra Generika Viagra Quel Site cialis 5mg Secure Levaquin Overnight Medicine Overseas
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;