Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Жасалма диплом алган Болот Сүйүмбаевди кандай жаза күтөт?

Жасалма диплом алган Болот Сүйүмбаевди кандай жаза күтөт?

26 апр 2018, 11:19    bishkek
Мурдагы УКМК төрагасынын орун басары, учурдагы финполдун жетекчиси Болот Сүйүмбаевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экени коомчулукка белгилүү болуп калды. Муну Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиевдин маалымат булактарынын бирине билдирген комментарийи да тастыктап турат.

Анын айтымына караганда, Б. Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы эле тапшырып, эки ирет окуудан айдалган. Анан Алмазбек Атамбаевдин президенттик доорунда 2012-жылы үчүнчү ирет кайрадан окуусун калыбына келтирген. Баарынан таң калычтуусу, ошол кайрадан окуусун калыбына келтирген жылы эле 5-6-курстарды заматта “окуй” салып, колуна диплом кармап калган. Албетте, ректор Т. Иманалиев Б. Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес деп “Акыркы эки курсун, башкача айтканда 5-6-курстарды "экстерн" менен бүтүрүү боюнча президенттин аппаратынан, министрликтен өтүнүч каттар бар экен. Анан окууну "экстерн" менен бүткөн, окуу китепчесинде баалары турат”, - деп актагысы келет. Бирок, ошону дагы Б. Сүйүмбаев өзү барып окуп, өзү барып экзамендерди тапшырып баа алганына ишенүү өтө кыйын. Баардыгы ошол убактагы президенттин көрсөтмөсү менен заматта эле жасалып калганын түшүнбөй калуу мүмкүн эмес.
Андыктан жасалма диплом алган адам мыйзам боюнча 7 жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Ошол эле убакта мамлекеттик чиндеринен да ажыратылат. Андан тышкары мамлекеттик кызматтарда туруп, канча айлык акы алган болсо, анын баарын кайра эселеп кайтарышы керек. Дагы бир берене боюнча жасалма документтерди жасоо “шылуундук” деп саналып, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ошондо Б. Сүйүмбаев жалпысынан бери эле дегенде 10 жылга эркинен ажыратылышы керек болот.
Буга чейин Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновдун да диплому жасалма экендиги тууралуу кеп болгон. Андыктан муну да казып чыгуу керек. Андан башка үлкөн кызматтарды аркалаган жансакчыларынын да жогорку билимин тастыктаган дипломдору кандай жол менен алынганын аныкташ керек. Эгерде мунун баарына көңүл кош гана мамиле кыла турган болсок, анда келечекте дипломду сатып алган билимсиздердин торуна түшүп калышыбыз мүмкүн.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив