Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Исаковдун түбүнө жеткен Сүйүмбаев эми өзүнүн түбүнө жеткени турабы?

Исаковдун түбүнө жеткен Сүйүмбаев эми өзүнүн түбүнө жеткени турабы?

26 апр 2018, 10:40    bishkek
Ишенимдүү булактардан келген маалыматка караганда кече жакында эле Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына келген Болот Сүйүмбаев кызматтан кайра айдала турган болуп турат. Мындай маалыматты өлкөбүздөгү башка дагы беделдүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Болот Сүйүмбаев өзү мурда Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн. Анан “шефи” бийликке келгенден кийин анын аппаратында иштеп жүрүп эле УКМК төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. Анан ал кызматтан президенттин буйругу менен бошотулгандан көп өтпөй эле мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка төрага болуп дайындалган.

Мына ушундан кийин эле Б. Сүйүмбаевдин диплому жасалма экендиги тууралуу маалымат булактары жазып чыгышкан. Бул маалымат боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев маалымат булактарынын бирине комментарий берген экен. Анын айтымында Б. Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы эле тапшырган. Анан ар кандай себептер менен эки ирет окуудан чыгарылган.

“Бул өзү жетим бала экен, биздеги өздүк иши боюнча убагында чоң атасы багып алыптыр. Ошондо чамасы сабакка жетишпеген учурлары болсо керек, окуудан чыгып калыптыр, кайра окуусун жандандырыптыр. Андан кийин да окуудан чыгарылып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, акыркы жолу, 2012-жылы президенттин аппаратында иштеп жатканда окуусун калыбына келтириптир. Акыркы эки курсун, башкача айтканда 5-6-курстарды "экстерн" менен бүтүрүү боюнча президенттин аппаратынан, министрликтен өтүнүч каттар бар экен. Анан окууну "экстерн" менен бүткөн, окуу китепчесинде баалары турат. Экзамен, зачет алган мугалимдердин баалары турат. Экзамендердеги протоколдор турат”, - дейт ал.

Макул, ал акыркы жолу окуусун 2012-жылы калыбына келтирип, анан ошол эле жылы 5-6-курстарды “экстерн” менен бүтүрүп алган дейли. Анда ошол 2012-жылга чейин ал мамлекеттик кызматта кантип иштеп келген? Же Атамбаев үчүн диплому жок жансакчылар, шоопурлар эле ылайыктуу кадрлар беле?

Айтор, мамлекеттик үлкөн кызматтардын кадырын кетирген Б. Сүйүмбаев сыяктуу кадрлардан тазаланбасак, жакынкы күндөрү аттестаты жоктор деле чоң кызмат үмүт эте башташат. Эгер Болот мырзанын эси болсо эми С. Исаковдун тагдырын кайталабай, өз каалоосу менен эле кызматынан кеткени эп болот. Анан дагы мындан ары мамлекеттик кызматтарга баруу ниетин жыйыштырып салганы оң. 25 жылда араң ЖОЖду бүтүргөн (ошондо да АШАнын кийлигишүүсү менен) кадрдан кандай жыйынтык болмок эле?
скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 5 февраля 2019 13:45
Secure Ordering Generic Zentel In Internet Overseas Tadalafil Generic Online Acheter Cialis Ligne Canada cialis cheapest online prices Propecia Generic Drug Pharmacy Pharmacy Canadian Keflex Tid where to buy cialis online safely Proscar Yo Propecia Amoxicillin 250mg Buy Zithromax 250 Mg Online Pariet online cialis Canada Z Pack
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив