Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Депутат Н.Никитенко Укук тартиби боюнча комитеттин төрагалыгына, депутат Э.Токтошев Бюджет комитетинин төрагалыгына шайланды

Депутат Н.Никитенко Укук тартиби боюнча комитеттин төрагалыгына, депутат Э.Токтошев Бюджет комитетинин төрагалыгына шайланды

25 апр 2018, 15:01    bishkek
Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” парламенттик фракцияларынын чечимдери каралды.
Жыйында депутат Мирлан Бакиров “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын чечими менен тааныштырды. Анда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Тынчтык Шайназаров жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Зиядин Жамалдинов сунушталган.
Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын чечимин окуп берди. Анда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев сунушталган.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков комитеттин чечими менен аталган фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип жатканын маалымдады.
Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Эмил Токтошев (“Ата Мекен”) шайланды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив