Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » «Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?

«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?

03 авг 2018, 09:34    bishkek
0 комментарий   
Адам али ишке келе элек жатканда эле ага карата жыйынтык чыгарып жиберүү адатыбыздан арылбай келе жатабыз. Эсеби маселен, экс-депутат Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер болду. Мындан улам Азиз мырзаны ур-тепкиге алгандардын саны арбыды. Эч кандай негизсиз жана кызылдай эле бир жактуу каралоо менен жасалып жаткан бул айыптоолордун артында эмне былгып жатат? Ырасында жакындан тааныгандар Азиз мырзаны мыкты жетекчи болоорун айтышууда. Бишкек калаасына да бул киши асмандан түшө калган жок. Бир топ жыл шаар көйгөйү боюнча шаардык кеӊештин депутаты, андан соӊ төрага да болгон. Арийне, интригадан алыс, саясатта аты булганбаган адамдын мэр болуп келе жатканын айткысы келбегендерге жаныӊ кашайат. Азиз Суракматов шаардын да жана жаӊы багыттын да маселелерин абдан жакшы билген адис. Ал эми каралоого карата негиз таба албагандар айласы кеткендер «түрү суук» экен деп боорду эзишти. Кубанычбек Кулматов, Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөнов сыяктуу «Сулуукелердин» башкарганын деле көрбөдүкпү.Же сулуу мэр болсо эле шаар гүлдөп кетеби?

Азиз Суракматовдун талапкерлигине пикириӊиз кандай?

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Мэрдин кайдан келгени эмес, иш алып барганы маанилүү”
--Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп жатышы туура тандоо болду. Мен бул жигит менен парламенттин V чакырылышында 5 жыл бою чогуу иштешип көп бизнесмен депутаттардан өзгөчөлөнгөн жакшы жактарын байкагам. Ашыкча жулунбаган, абдан токтоо мырза. Ар бир ишти ойлонуп натыйжасы менен жасаган мамлекеттик кызмат менен бизнести айрымалаган, башкача айтканда аралаштырбаган, барга көппөгөн, жокко чөкпөгөн, токпейил эмгекчил анан адамгерчиликтүү жигит. Мурдагы шаардык кеңештин төрагасы катары шаардын чечилбеген маселелери инфраструктурасы жөнүндө аны чечүүнүн жолдору боюнча дагы тажрыйбасы мол. Ошондуктан кыйналбастан ишти шар тартып кетет деген ишеним бар. Социалдык тармактагы келбетине асылып жазгандарды туура эмес деп эсептейм. Эч бир мыйзамда: “Бишкек шаарынын мэри сулуу болсун” деген жазуу жок. Анын үстүнө ал кечээ тил боюнча сынак тапшырып жатып башка мэрлердей болуп эч нерсем жок деп айткан жок. “Ооба, курулуш тармагында ишканам бар. Аны эч кимге өткөрүп да бербейм. Иши токтойт” деп ачык эле айтты. Байлыгын жашырып жаап, өзүн бечара көрсөткөн мурдагы мэрдин байлыгын санап бүтө албай жатпайбызбы! Азиз алдым-жуттуму жок, курсагы ток, өз оокаты жетиштүү анан эӊ негизгиси чарбаны мыкты билген чарбанын адамы. Ишкер адамдар шаарга мэр болуп келбесин деп чыгышты. Ишкер Нариман Түлеев шаар үчүн кандай мыкты иштерди жасаганын билебиз. Азыркыга чейин айтылып жүрбөйбү. Демек ар бир мэрдин кайдан келгени маанилүү эмес, иш алып барганы маанилүү.

Жусуп Коргонбай уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты: “Суракматов өз ишин мыкты билген адис”
--Шаардык Кеңеш учурда жаӊы мэрди тандоо алдында турабыз. Талапкер катары Азиз Суракматов чыгууда. Ал киши негизинен куруучулук менен алектенет. Демек, шаардын кооздугу кандай болуш керектигин эң жакшы билет. Суракматов келсе шаардын архитектуралык кооздугуна көңүл буруп, жарыктандырылып баардык тарапка көңүл бурат деп ишенем. Өзү менен сүйлөшкөндө дагы: “Мурдагы мэрлердин катачылыгын кайталаганга акыңыз жок. Сиз шаардын эң кыйын абалында келе жатасыз. Борборубуздун кебетесин оңдоп-түздөгөнгө милдеттүүсүз. Бишкекте кыргыз мектептер аз. Аны да ачыңыздар. Орун басарлардын көбү кыргыз тилин билишпейт. Кыргыз тилинде сүйлөгөн, иш алып барган кадрлар керек. Себеби, сиз Кыргызстандын борборун башкарууга баратасыз. Эгер сиз мыкты иштесеңиз атыңыз тарыхта эң жакшы тамгалар менен жазылат. Бүгүнкү сын пикир айткандардын да ою өзгөрөт. Колдон келишинче жакшы иштешиңиз керек. Айрым саясый күчтөрдүн каршылыгына карабай сизди тандап берип жаткандыктан шаардыктардын алдында биз дагы жооп берүүгө милдеттүүбүз”-деп айттым. Жакшы иштейт деген ишеним бар.

Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Шаарга мыкты жетекчи келе жатыптыр деп ойлодум”
--Учурда Бишкек шаарына мэр болуу үчүн жалгыз талапкер бул Азиз Суракматов болуп чыкты. Мен аны жакындан тааныбаймын, билбейм дагы. Жакындан көргөн деле эмесмин. Бирок атайын өмүр баянын карап чыктым. Биринчи тепкичтен баштап баардыгын басып өтүп, ишкердикти түптөптүр. Демек, шаарыбызга мыкты жетекчи келе жатыптыр десек аша чаппайм. Колдоомо арзыганы анын жаштыгы, ишти билгени болуп чыкты. Буга чейин шаардык кеңешке да төрага болуптур. Төрага болуп, иш алып баруу деле оңой жумуш эмес. Андыктан мен Азиздин мэр болуусун туура деп эсептейм.

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Борбор калааны өнүктүрүүгө Суракматовдун тажрыйбасы жетиштүү”
--Борборубуздун мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлиги сунушталгандан бери ММК булактарында жана социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жүрүүдө. Бир тарабы Азиз Суракматовдун татыктуу кадр экенин айтышса, айрымдары тескери пикир айтып келишет. Бирок, алардын баары үстүртөн эле «ооба» же «жок» деп айтуудан мурун фактыларга, кадыр-барктуу, мэриянын ишин билген адамдардын пикирлерине таянуу керек экенин унутушууда. Мэриянын жетекчилигине шаардык көйгөйлөрүн жакшы билген адам келатат. Ал дээрлик жарым жыл бою шаардын көйгөйлөрүн иликтеп чыгууга убакыт кетирбейт. Шаардын баардык маселелерин жакшы билгендиктен жумушту кызматка киришкен күнүнөн тарта баштайт. Анын өмүр таржымалын карап туруп, курулуш иштерин ийнесинен жибине чейин билген адам экенин түшүнөбүз. Ал өзүнүн эмгек жолун РСУда бригадир болуудан баштаган. Андан кийин өзүнүн кесипкөйлүгү, иштин көзүн таба билгендиги менен кызматтан кызматка көтөрүлүп турган. Демек, анын билим деңгээли да кесиптик тажрыйбасы да улам артып турган десек болот. Ал өзүнүн күжүрмөн эмгеги менен курулуш бизнесин түптөгөн. Борбор калаабызды да гүлдөтө аларына ишеним бар. Азиз Суракматов өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган кадр. Андыктан борбордун башчылыгына анын талапкерлиги коюлуп атканы татыктуу тандоо болуп турат. Албетте, биз алдын-ала ашыкча мактоодон алыспыз, бирок шаардын тагдыры ишенимдүү колго тапшырыла турганына ишенимибиз бар.

Балбак Түлөбаев, “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти: “Азизди мен эң жакшы билем”
--Азиз Суракматов экөөбүз түндүк аймактан жергиликтүү кеңешке депутат болууга аттанганбыз. Экөөбүз аябай бири-бирибиз менен атаандашып, катуу тартышканыбызды эстейм. Бирок, эл ага ишеним көрсөтүп шаардык кеңешке депутат болуп шайланып калды. Кийин кайра тил табышып жакшы иштеп кеттик.Ошондуктан абдан көп жылдардан бери билем. Оозунда ашыкча сөзү жок, оор басырыктуу, ызы-чууга аралашпаган адам. Бишкек шаарынын мэрлигине аттанып жатканда жолугуп: “Мурдагы мэрлердин азыр кайда олтурганын билесиң. Ошондуктан абдан жакшы иштөөгө милдеттүүсүң. Шаардын калкы азыр сени гана карап олтурат”-десем: “Буюрса көп пландарым бар. Иштеп берем, ал менин атуулдук милдетим”-деп айтты.
Баян Кулова,
“Де-Факто” гезитискачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;