Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 

02 авг 2018, 15:21    bishkek
0 комментарий   


Бүгүн 2-августта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалганын жана жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп турган Узарбек Жылкыбаев 25-июлда өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Анын ордуна эми Ош облусунун Ноокат районунда жарык дүйнөгө келген А. Осмоналиев дайындалып отурат.
Мындан бир нече апта мурун президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жасаган сапарында жергиликтүү тургандар менен болгон жолугушуусунда кадрларды ротациялоо салтын жандандырууга мезгил бышып жеткенин билдирген.
«Түндүккө келсем, түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти дешет. Түштүккө барсам, түндүктөн көбөйүп кетти дешет. Райондорго барсаң, милициянын начальниги, прокурор, УКМК ошол райондон отурат. Милициянын 80%ы ошол райондун балдары. Анан алар кылмыштуулук жана коррупция менен кантип күрөшөт? Бул мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет», - деген мамлекет башчысы С. Жээнбеков кадрларды ротациялоо салты убагында жемиштүү болгонун, эми ошону кайра жандандыруу зарылчылыгын белгилеген. Ошол айтылган сөз айтылган жерде калбастан, минтип жүзөгө ашып атканын жакшы саамалык деп айтууга болот.
 


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;