Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"

Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"

10 мар 2020, 21:27    bishkek
ФЕМИНИЗМ ЖӨНҮНДӨ

Дүйнөдө аялдардын оордуна жана укугуна аябай радикалдуу көз-караштагы коомдор бар. Ошол коомдордо аялдардын укугу үчүн күрөшүүдө Феминисттик кыймылдар абдан чоң жана жакшы ролдорду ойношкон. Бул адам тарыхындагы жакшы көрүнүш.
А бирок, кечээги 8 мартта болгон тынчтык жүрүштө мен феминисттик жүрүштү көргөн жокмун. Мен тек гана “МАДАНИЙ РАДИКАЛДАРДЫН” жүрүшүн көрдүм. Себеби, аялдар укугун коргоо (феминизм) башка, ал эми “Чай куйбайм!”, “Төрөбөйм!”, “Менин жатыным – менин ишим!”, “Мен күйөгө тийбейм!” ж.б.у.с. чакырыктар тааааптакыр башка. Бул - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм.Ар-бир улут эмнеси менен улут?КААДА-САЛТЫ менен улут!!!Каада-салты жок улут - ал улут эмес. Каада-салтсыз биз жөн-эле бир толпага же ушул аймакта жашаган белгисиз бир массага айланабыз. Кыргыз элинин каада-салттарында аял затынын оорду өзгөчө сыйлуу, ал эми Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында аял затыныны укугу эркектердей бип-бирдей жана баардык мүмкүнулүктөр берилген. Кааласаң Президент бол, кааласаң депутат-министр бол! Чектеген мыйзамда жок, каада-салтта жок.Кечээги биздин “феминисттер” чакыргандай кыздарыбыз күйөгө тийбесе, төрөбөшсө, наристе жытын жытташбаса, үй-бүлөлүк бакытын көрүшбөсө, бул канчалык туура? Кыз-келиндерибиз өздөрү ошону каалашабы? Бул жалгыздыкка чакыруу эмеспи?Мен ойлойм – бул ошол эле феминисттик кыймылга туура калбейт. Себеби феминисттик кыймылдын эң негизги максаты – АЯЛ ЗАТЫНА БАКЫТ АЛЫП КЕЛҮҮ! Ошол бакыт тек гана үй-бүлөдө жатат.Ал эми үй-бүлөсүз аял инсаны - бул калкансыз таш-баканын жагдайына окшошуп жатат. Калканын жүк экен (!) деп таштап салган таш-бака канчалык өмүр сүрө алат? ОШОЛ ҮЙ-БҮЛӨ АЯЛ ЗАТЫ ҮЧҮН – КАЛКАН!!!P.S.: Дагы белгилеп айтып кетем - аял укугун коргоо (феминизм) башка, ал эми кечээги чакырыктар таааааптакыр башка.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив