Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”

Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”

29 июл 2018, 20:00    bishkek
0 комментарий   
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигин коет деп жаткан вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова расмий кайрылуу кылып, талапкерлигин койбой турганын билдирди. Шаар башчылыгына көпчүлүк коалиция экс-депутат Азиз Суракматовдун талапкерлигин алып чыгаары белгилүү болгон.

-Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздерге чын дилимден мага ишеним көргөзгөндүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздар менин демиме-дем кошуп, мындан да эки эсе иштөөгө түрткү берди.
Мен кайсы кызматта болсом да, эл үчүн ак жана таза, берилүү менен сиздерди уят кылбай иштөөгө аракет кылып келем.
Өзүңүздөр билгендей, мага Кыргыз Республикасынын Президенти жана Парламент менен Премьер-министр тарабынан жогорку ишеним көргөзүлүп, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри болуп дайындалып, социалдык тармакты тейлеп жатканыма аз гана убакыт болду, бул жумушум да абдан жоопкерчиликтүү. Кызматта туруктуу болуп элдин ишеничин актасам деген оюм бар, ошондуктан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер боло турган инсандарга ийгилик каалайм. Мен Өкмөт мүчөсү болуп, чогу келген командабыз менен ишимди улантсам деп ойлойм.
Мен ишенгим келет борбор калаабызга иш билген, шаардын маселесин билген, эң негизгиси шаардын жана анын тургундарынын маселесин чече алган инсан келет деп.
Дагы бир жолу мени колдогон тилектеш мекендештериме, жарандык коомдун өкүлдөрүнө, Бишкектиктерге рахматымды айтам, сиздерге абдан ыраазымын.
Сиздерге ийгилик жана бакыт-таалай, бакубат жашоо каалайм!

Алтынай Өмүрбекова, Вице-премьер министрскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;