Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”

20 июл 2018, 11:03    bishkek

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда 40тай жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукту. Өлкө башчысынын бул аракети коомчулукта колдоо таап, президентти сындап жүргөн бейөкмөтчүлөр да Сооронбай Жээнбековго жылуу пикирлерин айта баштады. Дал ошо жолугушууга катышкан, оппозициялык маанайдагы саясатчы жана мурдагы депутат Равшан Жээнбеков өз пикирин Фейсбуктагы баракчасына билдирди. Биз аны өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:
Президент Жээнбеков, реформа жана анын кичинекей командасы жөнүндө.
Кечээ көп ФБ колдонуучулар суранды эле, кененирээк жазсаңыз деп, ошол себептен байкаган нерселеримди жазып коюну туура көрдүм.
Пунктуалдуу
Жолугушуу саат 10го белгиленген. Президент туура саат 10до келди. 10до иш башталды. Саат 14:00дө ишти бүтүрөлү деп президент сунуш кылып, баары колдошкон. Иш туптуура саат 14:00дө бттү. Өзүн өзү сыйлаган, улуу кичүү, жөнөкөй адам же президент болобу убагында келүү, өзгөчө президенттер үчүн жакшы сапат. Ал эми жолугушуунун алып баруучусу катарында бардык адамдарга сөз берип, негизги теманы талкуулап, жооп берип, так убагында бүтүрүү бул убакытты туура пайдалана билүү. Президенттин бул мыкты сапаты бир жолку гана жолугууда билинди.
Жөнөкөй
Жолугушууну мен каалагандай алып бара берейин президент эмесминби деп отура калып баштап жиберген жок. Кандай кылып алып барсак, мен жооп берейинби суроолорго, аягында сүйлөйүнбү, же 5 киши сүйлөп бүткөн соң оюмду айтып турайынбы, мен көп сүйлөп атат окшойм, баарыңарга убакыт жетсин, кыскараак сүйлөйүн деп катышуучулар менен кеңешкени көпчүлүккө жакканын байкадым. Мага да жакты. Мурда көп жыл депутат болуп, депутаттардын маселени добушка коюу, көпчүлүк менен кеңешүү тажрыйбасы сиңип калса керек.
Жолугуу учурунда көп суроолор, сунуштар жана комментарийлер болду. Президенттин билгенин билем, билбегенин билбейт экем, кат менен жооп берели, чече албаган маселелрин, мен чече албайм бул маселени дегени реалдуулука жакын экенин көргөздү. Жөнөкөйлүк кыргыз президенти үчүн менин көз карашымча, керектүү сапаттардын бири.
Сабырдуу
Жолугуунун учурунда, менин көз карашымча эки катуу, кандайдыр бир деңгээлде ачуу сөздөр айтылды. Нурбек Токтакунов президенттин кайрадан монстрга айланып, укук коргоо органдары, мурдагыдай эле, анын гана көзүн карап калганын, ал эми Токтайым эже президентке 10-15тей поручение берип, кээ бир мамлекеттик кызматчыларды кызматтан алуусун, кээ бир чечимдерди жокко чыгарышын, кээ биз чечимдерди кабыл алышын бир аз орой деңгээлде талап кылды. Президенттин өңүнөн бир аз териккенин көрдүм, бирок билгизбей, күлүп, катуу сөздөрдү көтөрүп, алар менен дагы чогуу иштешүүгө макул экенин билдирди. Акырында Нурбекке дагы, Токтайым эжеге дагы көңүл бөлүп, дагы бир нерселерди сүйлөшүп аткандарын байкадым. Сабырдуулук президент үчүн эң керектүү сапат.
Реформа
Жолугушууга барган 40 адамдын 30у сот жана укуктук маселелерге тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. Энелердин, аялдардын, балдардын, адамдын укутарынын бузулушу, экологиялык мыйзамдардын сакталбай атканы, сөз жана саясий эркиндиктерге болгон басым, сотордун, укук коргоо органдарынын чектен чыгып кеткендиктери. Президент соттук жана укуктук реформаларды баштаарын, аягына чыгараарын убада берди. Мен болгону реформа бул бир эле мыйзам кабыл алуу эмес, реформанын маданий, структуралык, эл аралык, каражат, кадрдык багыттары бирдей жасалбаса, ал реформа болбой, ишке ашпай калаарын айттым. Ушул багыттарга көңүл бурууну сурандым.
Сөзүмдүн акырында президенттин кичинекей командасы жөнүндө.
Досаалы - администрация жетекчисинин орун басары, Толгонай - пресс катчысы, Данияр - тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Эрнст - президенттин жардамчысы баарыбызга өздөрүнүн коммуникациялуулугу, ачыктыгы жана жөнөкөйлүгү менен жакшы элес калтырышты.
Кыскасы, Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти кечээ көрө албадым.



скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 23 февраля 2019 22:28
Amoxil No Prescription Generic Cialis In Usa Buy Amoxicillin Liquid No Prescription buy generic cialis Discount Online Cialis Kamagra Jelly Ireland
Гость Jeakage от 13 марта 2019 00:06
Can You Order Amoxicillin Online Hydrochlorothiazide 25 Mg For Sale Viagra Pillola Rossa acquista vardenafil Amoxil Kill Strep
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив