Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."

Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."

19 июл 2018, 17:16    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 19 июлда КРын президенти Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга жарандык активисттер, укук коргоочулар жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Иш-чара 10до башталып, 14.00 кийин бүттү, президенттин аппараты 2 саат убакыт бөлгөндөн тышкары, президент дагы кошумча 2,5 саатча олтурду. Жолугушуу учурунда жарандык коомдун ар бири өкүлү кенен-кесир ойлорун айтып жана суроолорду бергенге жетишишти. Мен дагы катышуучу катары кезек келгенде президентке 2 көйгөйлүү маселе боюнча оюмду билдирип жана алар боюнча анын пикирин уга алдым.
Биринчи маселе, - бул өлкөбүздө соңку мезгилдерде трайбализмдин көчүшүн, мамлекеттин, коомдун туруктуулугуна кооптуу регионализмдик жагдайларды айрым саясий күчтөр кайсы жээктен козутуп жатканын айттым. Ал маселеге президент – “кимдер кылып жатканын билем, алар менин “досторум”, деп жооп берди.
Экинчи көтөргөн маселем болсо, ал, өлкөбүздөгү Кыргызстан профсоюздар Федерациясындагы коррупциялык башаламандык, карапайым эмгекчилерди коргогондун ордуна, тескериче аларды кордоп жатышканын баса белгилеп, өлкө профсоюздарынын Социалдык фонддон жылына миллиондогон бөлүнгөн акча-каражаттар өзүм билемдик менен колдонуп жатканын, профсоюздар Федерациясына чара көрүүнүн жана президенттин алдында коомдук комиссия түзүү зарылчылыгын айтым. Президент, профсоюздук маселени биргелешип карайлы, ал жердеги көйгөйдү чогу оңдойлу деп жооп берди.

Тимур Саралаевскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;