Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?

Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?

18 июл 2018, 09:23    bishkek
0 комментарий   
Экс-президент Алмаз Атамбаевдин тушунда курулгандардын, оңдолуп-түздөлгөндөрдүн бардыгында коррупциялык көрүнүштөр болгондугу азыр ачыкка чыгууда. Алсак, Башкы прокуратура жакында Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо жана ага жабдууларды сатып алууда ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар уурдалгандыгын аныктап, Кылмыш кодексинин 189-беренеси  (Аукциондорду жана тендерлерди, ачык соодалашууларды өткөрүү тартиптерин бузуу), 306-беренеси  жана 304-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 308-берене (Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу), 221-берене (Коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарымдарын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштерин козгоду.
Улуттук тарых музейин реконструкциялап, жабдууларын, экспонаттарын жаңылоого Түркия өкмөтү жалпы көлөмү 15 млн. доллар грант, ага кошумча республикалык бюджеттен 1,5 млрд. сомдон ашык акча бөлүнгөн. Азыр абакта жаткан  экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоого жумшалды деген 386 миллион долларга “жаңы ТЭЦти курса деле жетет болчу” деп айткандай, жогоруда айтылган акчаларга эскисин оңдомок түгүл, жаңы музей куруп салса деле жетет болчу. Убагында В.Лениндин ысмы берилген ал музей 40 млн. советтик рублге эле курулган.

Мамлекеттик маанидеги ири обьектини оңдоп-түздөөнү – мамлекеттик деңгээлдеги ишканалар ишке ашырышы керек. Тилекке каршы, ал тендерсиз эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба агенттигинин Жарандык-турак жай курулуш Департаментине тапшырылып, анын жетекчилери оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү боюнча СМУ-3 ЖЧКсы менен сынаксыз 690 млн. 500 миң сомго, анан жабдууларды сатып алуу үчүн 869 млн. 447,1 миң сомго келишим түзүшүп, бардыгы болуп анын эсебине 1 млрд. 520 млн. 309,4 миң сомду которуп беришкен. Мында дароо эле курулуш монтажоо иштерине гана адистешкен СМУ-3 кайдан тарыхый музей үчүн атайын жабдууларды да тандап, сатып алуучу субъектиге айланып кеткен деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болот. Ал иш музейге адистешкен коомдордун бирине же “Кыялга” тапшырылса, андай суроолор пайда болмок эмес. СМУ-3 өз кезегинде немецтик бир компания менен 8 млн. 890,3 миң еврого келишим түзүп, кандай жабдууларды сатып алуу керектигин толук ага тапшырган. Мындан Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ТВЕА менен “Электр станциялары” ААКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин стили ачык көрүнүп турат. Анда “Электр станциялары” ААКсы ТЭЦ үчүн кандай жабдууларды, кандай бааларга сатып алуу керектигин толугу менен ТВЕАнын ыйгарымына өткөрүп бербеди беле.

Андай атайылап уюштурулган алаңгазарлыктын натыйжасында немецтик компания музейге таптакыр ылайык келбеген 56 млн. сомдук жабдууларды алып келип таштаса, дагы 23 млн. 823,7 миң сомдугу алиге чейин пайдаланылбай турат. Немец компаниясы алып келген жабдуулардын көпчүлүгү ошол убакта республиканын ички базарларында деле 2-3 эсе арзан бааларда болгон. Жабдуулардын өз бааларынан кыйла кымбатка сатып алынгандыгынан улам мамлекетке 42 млн. 311,4 миң сомдук зыян келтирилген. Алардан сырткары КРнын Эсептөө палатасы музейди реконструкциялоо иштеринин жалпы көлөмү 20 млн. 310 миң сомго жасалма түрдө жогорулатылгандыгын аныктаган. Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке жалпы көлөмү 118 млн. 215,2 миң сомдук зыян келтирилген.

Мындан эки айдай мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында Германиядан музей үчүн алып келинген имараттарды кооздоочу кымбат баалуу таш плиталарынын көпчүлүгү экс-президент Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайын жасалгалоого жумашалгандыгы тууралуу малымат тараган. Ошондон улам азыр коомчулукта Улуттук тарыхый       музейди реконструкциялап, оңдоп-түзөө экс-президенттин Кой-Таштагы резиденциясын куруп бүткөрүү үчүн эле уюштурулган афера эмес беле?- деген шектүү суроо пайда болууда.

  Буга укук коргоо органдары жооп берүүлөрү зарыл

Республикадагы мамлекеттик маанидеги курулуш, оңдоп-түздөө иштеринин бардыгы эле КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба агенттиги аркылуу жүргүзүлөт. Бул Агенттиктин жетекчиси Б.Абдиевдин ысмы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу жаңжалда да чыккан. Эми бул аферада да агенттик фигурант болууда. Бул агенттиктин жетекчилери кызматтарынан алынып, жоопкерчиликке тартылмак түгүл, тайраңдап жүрүшөт. Алардын жогорудагыдай иштерине качан укуктук баа берилет?



скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;