Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Уурдаганда ырахаттанып, кайтарганга келгенде чыйпылыктаган Нариман Түлеев 

Уурдаганда ырахаттанып, кайтарганга келгенде чыйпылыктаган Нариман Түлеев 

11 июл 2018, 12:28    bishkek
0 комментарий   

Бишкек шаарына мэр кылып койгондо эрээркеп кетип ал кездеги президент Курманбек Бакиевди «Мен сизди өз атамдай эле көрөм» деп өз атасын капа кылып алган Нариман Түлеевди билет эмеспизби. Мэр болуп турган убагында борбор калаабызга «Манас» эпосунда Айкөл Манаска каршы иштеген, кыргыз элинин душмандарынын айкелдерин орното коюп, кайра бир күндө шашылыш алдыртканын да жакшы билебиз.
Анан дагы ошол убакта Кытайдан автобустарды өтө кымбат баада алдыртканы да ачыкка чыккан. Айтор, ток этерин айтканда, ага карата кылмыш иши козголуп, натыйжада күнөөлөрү далилденген. Ошондо Н. Түлеев өзү да күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке келтирген зыяндарын төлөй турганын айткан.
Эгерде Нариман мырзаны чукуй берсе, анда арты үзүлбөгөн коррупциянын «кени» жатат. Ал мамлекеттик кызматты жеке финансылык абалын чыңдоо үчүн гана пайдаланган эрен. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин «атакеси» Бакиев менен кошо качып кетип, анан кайра парламенттик шайлоонун алдында пайда боло калган. Кыязы, ал «мени эч ким байкабай калат» деп ойлосо керек.
Бирок, анын кыңыр иштери чуурулуп чыгып, соттук териштирүүлөр аркылуу далилденген. Мүлктөрү конфискацияланган. Бирок, ошого карабастан ал эми аялынын атынан мамлекет башчысынын атына маалымат булактары аркылуу кайрылуу жасап, мүлктөрү конфискацияланып атканы боюнча чыйпылыктап атканын түшүндүргөн экен.
Кыргызда «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген кеп бар. Андыктан уурдап атканда ырахаттанган Түлеев, эми аны кайра кайтарууда чыйпылыктаганын токтотушу керек. Мамлекеттен уурдаганын толугу менен кайра кайтарып бермейинче, анын уйкусу эч качан тынч болбой турганын айтып коелу. 


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;