Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Издөө
» » Улан РЫСБЕКОВ: “Конгантиев элге ок чыгарбоону буйрук кылып, катардагы милиция кызматкерлери менен бирге болгон” 

Улан РЫСБЕКОВ: “Конгантиев элге ок чыгарбоону буйрук кылып, катардагы милиция кызматкерлери менен бирге болгон” 

11 июл 2018, 11:49    bishkek
0 комментарий   

ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш ишинин токтотулганы айрым саясатчылар үчүн шылтоого шыноо болуп бергенсиди. “Бул бийлик бакиевчилерди актай баштады” дегендер чыгууда. Эгерде К. Бакиевдин маалында жогорку кызматтарда иштегендердин баарын бакиевчилер деп атай турган болсок, анда экс-президент А. Атамбаевди да бакиевчил деп атоого туура келет. Себеби, ал дагы убагында оппозиция менен бийликтин ортосуна көпүрө болом деп К. Бакиевдин премьер-министри болгон.
Андан тышкары АШАнын “оң колу” Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов дегендер да К. Бакиевдин убагында жакшы кызматтарды аркалашкан. Андыктан бул жаатта бир тараптуу мамиле кылууга болбойт.
М. Конгантиев ал убакта өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу үчүн гана Таласка барган. Ал жактагы көтөрүлүп, К. Бакиевдин режимине кыжырланып турган эл менен сүйлөшүп, тычтандыруу үчүн, мамлекеттин тынчтыгын сактоо үчүн барган. Ошону менен бирге ал элге ок чыгарбоону буйрук кылганын да айта кетишибиз керек.
Бул тууралуу 2014-жылы эле “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков айтып берген. 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги Таластагы окуяда У. Рысбеков Бишкек шаардык милициянын коомдук коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.
Ал ошол Таластагы окуяга өз көзү менен күбө болгон жана ал кездеги ИИМ министри М. Конгантиевдин кандай болгон күндө да элге ок чыгарбагыла деген буйрукту бергенин айткан.
“Ушул ызы-чуунун алдында Молдомуса Конгантиев мага телефон чалды. Ал кезде Бишкекте болчу. Мен кырдаал тууралуу маалымат берсем, “Улан, бир дагы ок чыгарбагыла, бул буйрук, элдин кыжырына тийбей, ачуусун күчөтпөй, кырдаалга карап иш кылгыла, бир ок чыгарсаңар капа болбогула, жеке курамды сактагыла” деп буйрук берди. Ал убакта ок деле атылып кетиши мүмкүн эле. Биз октордун баарын жок кылдык, катуу тепки жедик. Эң башкысы эл аман-эсен болду...”, - деген ал.
Ал эми М. Конгантиевдин эл арасында кантип калып калганы жана кандайча ур-токмокко алынганы тууралуу мындай дейт: “Конгантиев Таласка эртеси күнү келип, элге чыкты. Эми министрби же кайсы жетекчи болбосун, тополоң болуп жаткан жерден алып качып кетсе болот. Мен ошондо штабды өзгөртөлү, Талас районунун борборуна баралы деп айткам. Анан министр түндө таяк жеген, баштары жарылган, канжалаган балдарды  көрүп, “ушул балдардын ата-энесине мен эмне деп жооп берем” деп кейигени эсимде... Милициянын дээрлик 90дон ашык пайызы сабалган эле. Конгантиев “мен эч жакка барбайм, ушул балдар менен болом” деп кетпей койду. Бишкектен ИИМден келгендер министрди алып кетели деп бул жакка, тигил жакка дешти, ал болбой койду. Ошентип тополоңдо калып калды. Революция болду”.
Демек, М. Конгантиев элге ок чыгарууга караманча каршы турган. Ал бир эле убакта элди да ойлоп, ошол эле убакта кызматтык милдеттерин аткарып жүрүп, ур-токмокко алынган милиция кызматкерлерин да ойлогон. Андыктан ар бир сөздү анализдеп айтып жүргөнүбүз эп болот. 


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;