Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » КСДП: "Атамбаевди партиянын катарынан чыгарып, мүчөлөрдүн курамын тазалайбыз!"

КСДП: "Атамбаевди партиянын катарынан чыгарып, мүчөлөрдүн курамын тазалайбыз!"

10 июл 2018, 12:21    bishkek
РЕЗОЛЮЦИЯ

Кыргызстан Социал – Демократтар Партиясынын (КСДП)
мүчөлөрүнүн жыйыны.

Кыргыздар эң байыркы Эл жана азыркы демократиянын негиздөөчүсү. Жада калса совет доорунда да кыргыздар өз эрежелери менен, совет чөйрөсүндө жашай алышкан. Биздин бийлик эгедерлери куру бекер авторитардык бийлик орнотууга аракет кылып келишти. Канчалык карөзгөй жол изделбесин, кыргыз жергесинде Эл бийлигинен башка, жеке, үй бүлөлүк, туугандык, партиялык бийлик орнотуу аракеттери таш кабат.
КСДП чыныгы элдик партия катары, ар качан саясий күрөштүн авнгардында болуп келген. 2005 жана 2010ж.ж. КСДП Эл көтөрүлүшүн жетектеген. Бирок Атамбаев А. Ш. баштаган партия жетекчилиги, мурунку өлкө башчыларынын кетирген катачылыктарын сезген жок жана аларды эсепке алууну ойлонушпады. Эл талап кылган саясый жана экономикалык реформаларды жүргүзүү ордуна, алар адам тан калаарлык өжөрлүк жана кара өзгөйлүк менен өз материалдык абалын оңдоого киришти. Алар өз ара, эми биздин уурдай турган мезгилибиз келди деген тыянак чыгарышса керек. Өлкөдөгү коррупция көз жеткиз денгээлге жетти. Атамбаев өз иш аракеттери менен өлкөнү кантип тоношту жан - жөкөрлөрүнө көрсөтүп берди.
Азыркы учурда баардык саясий уюмдарда демократиялашуу процесси жүрүүдө, жана ал өз учурунда партия жетекчилеринин чатагына, айрым учурларда партиянын бөлүнүп калышына алып келип жатат. Саясий партиялар «парттөбөлдөрдүн» жеке менчиги, же «хан диванканасы» болуудан алыстап барат. Бул түзүлгөн абалдан, ички реформа жүргүзүүгө эрки жеткен партия мүчөлөрү бар партиялар гана чыга алышат.
КСДПнын ээлеген абалын солгундотпоо үчүн, партияны бөлүнүп кетүүдөн сактап калуу үчүн, тез арада төмөнкү чараларды көөрүлүүгө тийиш:



1. Республиканын баардык аймактарында, «Атамбаевсыз КСДП» деген лозунг алдында партиянын конференцияларын өткөрүү.
2. Партиянын кезексиз съездин чакыруу.
3. Партиянын саясий кеңешиндеги татыксыз адамдардан арылтуу.
4. Партиянын жаны программасын, партия мучолорунун сунуштарын эсепке алуу менен кабыл алуу.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив