Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Кара-Кулжа районунун Ойтал айылынын эли 3 жыл аралыгында балык улоого каршы чечимин кабыл алышты

Кара-Кулжа районунун Ойтал айылынын эли 3 жыл аралыгында балык улоого каршы чечимин кабыл алышты

09 июл 2018, 00:18    bishkek

Кара-Кулжа районундагы Ойтал айылынын эли быйыл жаз айынан тарта балык улообо боюнча чечим кабыл алышты. Алар, айылдын аймагындагы суулардын балыгына тийбейбиз деп убадалашып, бата беришкен. Буга, акыркы убакта балыктардын саны азайып баратканы себеп болгон
.

"Акыркы жылдары айылдын эли балык кармап, сырттан эс алып келгендер дагы сууга тор ыргытып башташкан. Анын кесепетинен балыктар азайып кеткени байкалды. Мындан, 10 жыл илгери эле балыктар көп жана чоң болчу. Быйыл элдер чогулуп чечим кабыл алып, 3 жыл балык кармабайбыз деп бата кылдык. Сырттан келгендерге дагы Ойтал айылынын аймагында балык кармабагыла деп түшүндүрүп жатабыз. Элдер туура кабыл алышты. Кийинки жылы жалпы кайберендерге дагы аңчылык кылбайбыз деген максатбыз бар",-дейт айыл өкмөт башчысы Кубат Осмонов.

Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Ойтал айылынын суусунда Осман, Маринка деген балыктардын түрү жашайт.

"Учурунда балыкты "суунун курту" деп жечү эмес. Кечүүлөрдөн атты чаап өткөндө, балыктар аттын бутунан ыргычу. Кийин кайырмак салып, тор ыргытып түгөтүштү. Айрыкча, тор салып, тору үзүлүп сууга агып кетет. Агып кеткен торду чыгарып албай таштап салышат. Ага балыктар келип илинип, өлүп кала берет. Эми 3 жыл аралыгында балыкка тийбейбиз, бат эле көбөйүп калат",-дейт Ойтал айылынын тургундары.

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив